Акыркы кабарлар
» Саясат » Президенттин указын пансионат жетекчилери аткарышкан жок
Президенттин указын пансионат жетекчилери аткарышкан жок
23-июль, 12:00

Садыр Жапаров жергиликтүү элдерди ойлоп, пляжга түз кирүүгө жол ачып, указга кол койгон. Тилекке каршы, ушул жагынан түшүнбөстүктөр жаралууда. Мамлекеттик жана менчик пансионаттар көлдүк тургундарды киргизүүдөн баш тартканы талкууга алынууда. Президенттин указы аткарылбаганы кандай? Мындайда менчик ээлерине сөз айтуу кыйынга турууда. Ал эми мамлекеттик пансионаттар киши башына 100 сомдон пляжга өткөрүү үчүн акы алышып, сезондон пайдаланып жатышканы жашыруун эмес. Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн органдар иштебейби?
"Азия Ньюс" гезити