Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Үсөнбековичке ишенбей коюу мүмкүн эмес, бул киши жөндөн-жөн эле айта бербейт

Акылбек Үсөнбековичке ишенбей коюу мүмкүн эмес, бул киши жөндөн-жөн эле айта бербейт

13-декабрь, 09:00
9 572 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушул темада кийинки кездерде массалык маалымат каражаттарында көптөгөн макала-билдирүүлөр чыкты. Менин да ушул эле “Азия Ньюс” гезитинин 15-сентябрдагы санында президентибиз Садыр Нургожоевичке коомдук пикирде жаман сөз ээрчибесин деп, “Исхак Раззаков академияны ачкан, Садыр Жапаров келип жапкан” деген кепке калтырбайлы” деген макалам чыккан эле. Анда “алыс барбай эле бу өзүбүзгө канатташ орус, казак, өзбектерде улуттук академиялары иштеп эле жатпайбы” деп бир топ мисалдарды келтирген элем. Буларды айтып жаткан себебим, ошол кезде академияны жоюштун 2-3-варианты даярдалып, иштер башталып калган эле. Бул иштердин артында кандайдыр бир саясат турат. 

Айталы, Хрущёвдун убагында СССРде, кийинчерээк Казакстанда да Назарбаевге бир нерсе жакпай, академияга кысымдар күчөгөн. Бизде да Эркебаев менен Атамбаевдин мамилеси начар болуп, “академияны жоём” деп катуу киришип калганда “эгерде маселе менде эле болсо кетейин” деп арызын жазып берип, академияны сактап калган. 

Азыр эми академияны жоюш үчүн айрым илим изилдөө институттарды ЖОЖдорго өткөрүп берет экен. Муну менен өздөрүнүн окуу-тарбия иштерин жөндөп, негизги милдети болгон билим берүүнү, анын сапатын көтөрө албай жаткан ЖОЖдор биротоло чайналып бүтөт го. Өтө таңкалычтуусу, билим берүү министри илимди кантип координациялайт? Бул деген “аспирант илимдин докторунун ишин координациялайт” деген эле түшүнүк да. Ал эми билим берүү министрлиги жылына илимдин эффективдүүлүгүн көтөрүү үчүн мониторинг жүргүзөт экен. Илимдин эффективдүүлүгү эмес, бизге жакынкы 3-5 жылга кайсы предметтер боюнча канча мугалим керектигине мониторинг жүргүзүп тактап албайбы. Анүстүнө билим берүү министрлиги ЖОЖдордо окутуунун сапатын көтөрүү менен иштиктүү алектенбесе, жакында кат тааныбаган “жогорку билимдүүлөр” чыгышы ажеп эмес. Академияны жоюп жиберүү болбостугун көптөгөн жөнөкөй инсандар да билдирип жатышты. Ал эле эмес жакында болуп өткөн Кыргызстандын жалпы элдик курултайында академик Чолпонбек Арабаев да кенен токтолду.

Ошентип “академияны жоёбуз” деген кампания токтогондой болду. Анүстүнө 28-ноябрда премьер-министр Акылбек Жапаровдун катышуусунда улуттук илимдер академиясына жаңы президент – Канат Абдрахматов шайланды. Ошондо жалпы окумуштуулардын алдында Акылбек Үсөнбекович сөз сүйлөп, академиянын азыркы жана келечек пландары жөнүндө өкмөт менен тыгыз карым-катнашта иштөө, көптөгөн долбоорлорду экспертизадан өткөрүүдө окумуштуулардын жакындан жардамы керек экенин баса көрсөтүп, “жакында республикалык бюджеттин бир пайыздан кем эмеси илимге каралат, анан улам чоңойтуп, үч пайызга чейин жеткиребиз” деп убада берди. Бул маалымат, албетте, сүйүнтө турган маалымат. Анткени азыр илимге болгону 0,06 пайыз эле каражат каралат экен. Өкмөттүн төрагасы, илимдин доктору, профессор Акылбек Үсөнбековичке ишенбей коюу мүмкүн эмес эле, себеби бул киши жөндөн-жөн эле айта бербейт да. Жаңы шайланган академиянын президентин жана жалпы эле окумуштууларды кызуу куттуктап кетти. Академияда эртеңки күнгө ишенимдер пайда болуп, окумуштуулардын жүзүнөн кубаныч сезилип турду. Бул жогоруда көрсөтүлгөндөй, 28-ноябрь күнү болду. 

Эң кызыгы, 29-ноябрда жаңы шайланган президентке баягы мындан эки ай мурда даярдалган “академиянын институттарын ЖОЖдорго өткөрүп берсин” (жойсун) деген документтин долбоору кайрадан келет. Бул кандай болуп кетти? Кечээ эле, б.а. мындан 24 саат мурунку премьер-министрдин сөзүнө ишенебизби же жаңыдан келген документ – долбоорго ишенебизби? Акылбек Үсөнбекович өз сөзүндө “академиянын астында турган реформаларды креативдүү, кыргызча ушак-айыңдан алыс турган жаңы президент чечет деп ишенем. Жаңы президентке карт-бланш беребиз” дебеди беле? Же ал кишинин алыста командировкада жүргөнүнөн пайдалангысы келген өкмөттө кандайдыр бир башка агым барбы? Же атайын иштелген, ойлонулган маневрбу? 

Жогорудагы макаламды минтип тамандаган элем: “Ким билет?.. Ар түрдүү жолдор менен академияны өздөрү билгендей талкалашы, жоюшу мүмкүн. Бирок дагы эле 5 же 10 жылдан кийин паам-парасаттуу бирөө бийликке келсе, академияны өз калыбына келтирет, так-даана тапшырмаларды, ири милдеттерди академиянын астына коёт, аны ишке ашыра турган каражатты карайт. Эми буга кошумчаларым, анткени улуттук академия мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн көрсөтүп турган герб, гимн, туу, опера жана балет театры, филармония, университет сыяктуу эле мамлекеттин символдорунун бири. Муну биз сакташыбыз керек”.


Жолборс Жоробеков, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер