Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттарына көзөмөлдү күчөтүү шарт

Аз күн мурда 27 чет элдик жаран Бишкекте мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталып, тийешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Акыркы жалдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйгөнү маалым. Алардын мыйзамдуу агымда келиши, көзөмөлгө алынышы маанилүү. Тилекке каршы, көмүскө жолдор аркылуу көбөйүшүп, жашыруун иштеп жүрүшкөнү талкууларды жаратууда. Бул багытта күч органдары тыкыр көзөмөлгө албаса, аягы оорлошуп, алапайыбызды таппай калбайбызбы? Негизи өзүбүздүн жүз миңдеген мекендештер Россия, Казакстан ж.б. өлкөлөрдө кыйналып, кор болуп иштеп жүрүшөт. Мындай абалды эске алуу менен өкмөт ириде жарандарыбызга жумушчу орундарды түзүүнү колго алып, андан соң гана “кара тору” мигранттардын маселесин чечүүгө киришсе туура. Эң оболу, мамлекет улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюп, атуулдарыбыздын муктаждыктарын чечүүгө киришүүсү зарыл. Өнүгүп аткан өлкөлөрдө ушундай, үлгү алалы да.
"Азия Ньюс" гезити