Садыр Жапаровду колдоп чыккан Өмүрбек Бабановду кандайча түшүнөбүз?

“Ой-пикирлер ар кандай болот, бирок мыйзам баарына бирдей! Активдүү жарандарды коркутуулар, саясый куугунтуктоолор тезинен токтолушу керек!
Темирлан Султанбеков тез арада эркиндикке чыгышы керек! Cаясый себептер менен анын эки айга камакка алынышы эркин сүйлөгөн кыргызстандыктарды коркутууга багытталган.
Белгилүү болгондой бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары эски аянтка чогулушууда. Алардын да конституциялык сөз эркиндигине жана тынч жыйынга катышуу укуктарын бийлик өкүлдөрү камсыз кылуусу тийиш! Талап кылган мыйзамдуулук баардык саясый күчтөргө жана бийликке бирдей болушу керек!
Камоолор көйгөйдү чечпейт, тескерисинче тирешүүнү күчөтөт. Укук коргоо органдары жарандардын тынч чогулушка болгон конституциялык укугун коргошу керек! Провокация уюштуруп, таратуу, кармоо жана камакка алуу менен коркутпоого тийиш”, - деп Өмүрбек Бабанов Фейсбуктагы баракчасына жазды.