“Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев, Өткүрбек Жамшитов жана Алмамбет Салиев жоопкерчиликке тартылышы зарыл!”
28-июнь күнү көчүктү өйдө көтөрүп, түштөн кийинки саат эки чамасында шаардын Биринчи Май райондук сотуна жөнөдүм. Бу күнү айыпталуучуларга соттун өкүмү чыкмак. Мага ошо маанилүү болчу. Деги эле мындай күндөрү маалымат интернет булактарынан жетиштүү болгондуктан мойнум жар берчү эмес. Негедир ошо күнү редакторубуз Асланбек Сартбаев да барып келүүмдү ынандырды. Бир четинен журналисттик кесибим, экинчиден “миң уккандан бир көргөн артык” эмеспи деген таризде. Эми сот залынан чакан да болсо репортаж кылууну эп көрдүм. Анда сөз башынан болсун.
Эске алынуучу жагдай
2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Өмүрбек Бабанов, Руслан Казакбаев, Рыскелди Момбеков, Темирлан Султанбеков, Канат Сагынбаев, Жеңиш Молдокматов жана Фарид Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин Ала-Тоо аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген.
10-октябрда Атамбаев баш болгон анын бир нече тарапташтары кармалып, милиция ошол эле күнү Жазык кодексинин 264-беренеси (“Массалык башаламандык”) боюнча иш ачып, сотко чейинки өндүрүш баштаган.
Сот залыбы же циркпи?
Сот залына экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязовду апкелишти. Сот Убайдулла Сатымкулов кезектеги процедуралык иштердин тартибин айтып аткан учурда Атамбаевдин жактоочусу “Алмазбек Шаршеновичтин ден соолугуна байланыштуу, акыркы сөзүн айтпастан залдан бошотуп коюңуз” деп суранды. Мамлекеттик айыптоочу “айыпталуучу Атамбаевдин бу жерде калганы дурус” дегиче эле Алмазбек Шаршенович “мен бу жерде калбайм, акыркы сөзүмдү да айтпайм. Мага мындай цирктин кереги жок” деп нааразылыгын билдирип, жаш балача буту менен камак торчосун тепкилей баштады. Эске сала кетели, бу жолу сот айыпталуучулардын тарапташтары, журналисттердин катышуусунда ачык өттү. Ошондуктан залдан “Атамбаевге боштондук! Биз баары бир жеңебиз!” деген үндөр коштолуп кетти. Сот жактоочунун өтүнүчүн кабыл алып, Атамбаевди залдан узатышты...
105 томдогу токулган жомоктор жана беренелер
Сот Октябрь окуясы боюнча ар бирине, анын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаевге, президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязовго, жансакчысы Канат Сагынбаевге, “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовго токулган кылмыш беренелерин шурудай тизмектеп окуп чыкты. Албетте, 105 томдун ичинде эчтеке калган жок сыңары. Бери дегенде эки жарым саат убакыт кетти. Чынын айтайын, Лев Толстойдун “Война и мир” романы быякта эле калды.
10 мүнөт тыныгуу жана айыпталуучулардын соңку сөздөрү
Тыныгуу учурунда залдагылар, айыпталуучулар жапырт суу ичкени жөнөштү. Күндүн ысыгына байланыштуу залдагы кондиционердин да алы келбей калды окшойт. Айтмакчы, белгилүү астролог (көзү ачык) Жанар Кыдыралиев гана “баары ойдогудай болот. Ай көрүнбөйт. Жаман таасири жок. Жаңы жашоо эртең ай жаңыргандан башталат. Кептин баары күз мезгилине туш келүүдө. Ал жагын азырынча сыр кылып турайын” деди. Бир тамеки чеккенге үлгүрдүм. Кайра залга кирип, ар бирибиз орундуктарды ээледик. Кундуз Жолдубаева карындашымды алыстан көрүп учураштым. Рыскелди Момбеков кире бериште вьетнам баш кийими менен экен. Аны менен да кол булгалашып койдук. Ал эми айыпталуучулардын бири тарыхка кайрылса, бири кыска эле Кудайга койгонун, дагы бири расмий гана “бул жердеги айыпталуучулардын бирөөсүндө да кылдай күнөө жок. Баарыбызды мыйзам чегинде актап бериңиз” деди. Сот залдан чечим чыгарганы өзүнүн кабинетине кетти.
Соттун чечими баарын таңкалтырды
45 мүнөттөн кийин сот Убайдулла Сатымкулов залга кирди. Залда чымындын учканы гана угулуп, баардыгы демдерин ичтерине катып, өздөрү тикесинен тик туруп чечимди күтүп калышты. Бу жагын бир эле сүйлөм менен айтайын. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Октябрь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, Фарид Ниязовду, Курсан Асановду, Канат Сагынбаевди, Жеңиш Молдокматовду, Темирлан Султанбековду кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актады. Залда көпкө чейин кол чабуулар, “Ак ийилди, бирок сынбады!”, “Да здравствует наш суд, самый гуманный суд в мире!” деген да үндөр чыгып кетти. Менимче, муну Дөөлөтбек Шадыбеков аксакалыбыз айткандай болду. Бири-бирин куттуктап, кучакташып жатып калышты. Сүйүнүчтөн ыйлап ийгендерин байкадым. Эң негизгиси, айыпталуучулардын баары соттун мындай чечимин күтүшпөптүр, баары таңкалды.
Курсан Асанов:
-- Бүгүнкү соттук отурум жакшы иштеди, күтүүсүз жана жагымдуу чечим болду. Учурдан пайдаланып, соттун ачык өткөнүн, ЖМК өкүлдөрүнүн катышканын айта кетиш керек. Октябрь окуясына байланыштуу айыпталып жаткандардын баары акталды. Бирок, көптөгөн жарандарыбыз колу-бутунан ажырап, оор жаракат алгандардын саны көп. Ким туура эмес буйрук берген? Ачык айтканда, ИИМдин мурунку жетекчиси Кашкар Жунушалиев, ошондой эле Орозбек Опумбаев, Өткүрбек Жамшитов, куратор Алмамбет Салиевдер мыйзамдын негизинде тергөөгө алынып, күнөөлөрү аныкталса, жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Себеби, сабак болуусу кажет. Эч качан өз элиңди ок менен аткан болбойт! Мындан ары жергебизде туруктуулук, тынчтык, экономикалык өсүүнү каалайм!.. Учурдан пайдаланып, дайыма мени жана үй-бүлөмдү колдоп келе жаткан тарапташтарыма, оор күндөрү мамлекет башкаруусуз калганда, коомдук тартипти орнотууда, баш аламандык, талап тоноону болтурбоо үчүн күн-түн дебей бирге иштешкен коллега кызматкерлерге, ардагерлерге, генералдарга, активисттерге, жаштарга жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлчүлүгүнө чоң ыраазычылык билдирем.
Жеңиш Молдокматов:
-- Бул “тарыхый актоо” деп эсептелинет. Ар бир адамдын башына түшкөн мүшкүлдү өзүнө пайдалуу нерсе көргөндөн кийин “толугу менен мамлекетте адилет орноду” (!) деп айтпай, соттук реформа жүрүш керек. Абакта миңге жакын адам менен отурдум. Жарымынан көбү мыйзамсыз, соттордун адилетсиз чечими менен жабыркашууда. Ошон үчүн мамлекетте чыныгы бир чоң реформалар талап кылынат. Биз башынан эле Октябрь окуясын тергөөдө “силер туура эмес кетип баратасыңар” дегенбиз. Азыр сот биз боюнча туура чечим кабыл алды. Бирок, чыныгы жабыркагандар калып калды. Ошолорго өзгөчө макам бериш керек. А чыныгы күнөөлүүлөр жоопко тартылуусу зарыл. Муну ушу бойдон калтырып койгон болбойт!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити