Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алимбаев саясатчыларды Баткен жөнүндө сүйлөбөй эле коюуга чакырды

Алимбаев саясатчыларды Баткен жөнүндө сүйлөбөй эле коюуга чакырды

15-июнь, 19:10
589 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин трибунасында Баткен тууралуу элди дүрбөлөңгө салган билдирүүлөрдү жасоо туура эмес. Мындай пикирин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Адикарим Алимбаев 15-июнда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Өзүңөр билгендей, Баткен былтыр апрель айында эле аябай оор абалды башынан өткөрдү. Ошондуктан биз азыр өсүү жолунда, тынчтык жолунда кетип жатканда, бардык саясатчылар Баткен тууралуу сөз кылбай эле коюшса деп айтат элем. Бизге колдоо керек» деди облус башчысы.

15-июндан 17-июнга чейин Баткен облусунда Кыргызстандын ЖМК өкүлдөрү үчүн пресс-тур өтүүдө. Иш-чараны президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы уюштурду. Анда коомдук жайларды, өнөр жай ишканаларын кыдырып, облустун тургундары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушуу болот.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер