Уланбек Кубатбеков менен Данияр Рыскулов алыс узабай калыштыбы?


Буга чейин Өзгөн РИИБ начальниги Асан Токтомамбетовдун иштей албай калганын, алагүүгө алдырганын, кызматкерлери ай сайын оор кылмыштар менен камалып жатканын жазганбыз. Натыйжада, жумуштан кеткени кабарланды. Бирок, муну менен эле Ош ОИИБ оңолуп кетеби? Жо-ок, чийеленген жагдайлар дагы да чубалчудай...
Араван РИИБ начальниги Уланбек Кубатбеков өздүк курам менен келише албай, ыйкы-тыйкы күчөп баратабы? Буга чейин жазылган “тоголок арыз” дарегине жетпей калганбы? Азырынча ички тирешүүлөр, келишпестиктер орун алып, күчөй турганы каңкууланды. Алдын ала Араван милициясына көңүл буруп койбосо, абал кризистик жагдайга такалышы мүмкүнбү?
Ошого катар Кара-Суу РИИБ начальниги Данияр Рыскулов да ишинен аксап, сын-пикир жаратып, милдетин ойдогудай аткара албай аткан чагыбы? “Кычкыл сууга” азгырылып, чумкуп-чыгып турабы? Бул кадр да көпкө узабасы айтылып, өздүк курам менен келише албай калганы жөн жерден эмеспи? Айтор, бара-бара көйгөй жарата турган суроолор ачыкталса...
“Балык башынан сасыйт” демекчи, Ош ОИИБ башчысы Нурланбек Бурканов кол астындагы дээрлик жетекчилерин тескей албай, болгону “отдел кадры” менен гана тар көз карашта иш кылып калса, аягы кантет? “Көргөндөн көрө элегиң көп” деп бекер айтылбагандыр. Бурканов эриктирбей калды өңдөнөт...











