Сабыр Муканбетов: “Байден, Путин, Жапаров жана мен билбей жүргөн Касмамбетов...”


-- Сөз башын эл аралык темадан баштайлы. Кыргыз соцтармактарында Украина тууралуу талкуулар солгундап калганы байкалууда. Буга кандай түшүндүрмө берсе болот?
-- Бул суроого жооп берерден мурун талаш-тартыш эмне тууралуу болгонун эстешибиз керек. Башында батышчыл тараптар “Россия агрессор, тынч жаткан Украинаны басып кирип, талкалап, кырып атат, орус гана күнөөлүү, аны санкция менен муунтуп, Владимир Путинди Гаага сотунда соттош керек!” деген ойду таңуулашып, жалпы дүйнөнү ошого ишендиргенге жанталашышкан. Убакыттын өтүшү менен “кой” дегенди укпай, согушту уюштурган АКШ менен НАТОнун беткаптары сыйрылып, накта жүздөрү ачылып, бул кыргынды кимдер уюштуруп, кимдер каржылап, кимдер отко май чачып, сүйлөшүүлөргө тоскоол болуп, акырына чейин кырылышууга үндөп, курал-жарак менен шыкап атканы ачык боло баштады.
Чыдамы кеткен Байден, Жонсон, Шольц, ж.б. орусту жок кылуу максаттарын ачыктап салгандан кийин, баштагыдай эле “байкуш тынч жаткан Украинаны басып кирип...” деген сыяктуу сөздөрдү кайталап айтканга ким ишенет? Азыр кимден сурасаң дагы “Украина бийлиги АКШнын тилине кирип, сатылып, жерин согуш полигону кылганга макул болуп, элин согушка отун сыяктуу салып, натыйжада мамлекети талкаланып, эли кырылып атат. Зеленский менен нациктер “бир тууган орус элине душман болобуз” деп отуруп ушуга жеткирди, орустар аргасыздан өлүмгө тете коркунучту артка сүрүүгө мажбур болду” дегенди угасың.
“Маалыматтык согуш жагынан жеңип атабыз” деген Батыш экономикалык жактан өз санкциялары өз баштарына муш болуп, 6-пакет санкцияларын кабыл ала албай кыйналып, Мариуполдогу ишенген нацбаттары колго түшүп бергенден кийин айлалары кетип, Давостогу форумда “токтотолу, тынчтык керек, бизнести уланталы” деп кулуарларда кыңшылап жатышат. Байден болсо Азияны кыдырып, Кытайга тиш кайрап, Тайванда экинчи фронт ачканга, Украинадан кийин согуш отуна Польшаны салганга ачыктан-ачык аракеттенүүдө.
-- Владимир Путинге болгон жек көрүүчүлүк каяктан, эмне себептен улам чыгууда?
-- “Владимир Путин бийликте көпкө отуруп, демократияны бууп, авторитардык режим куруп, оппозицияны куугунтуктап атат” дешет. А мурун СССР кезинде коммунистик идеологияга каршы болушкан. Эртең дагы бир шылтоо табылат. Эң негизги себеп – ресурс үчүн болгон күрөш. Англосакстар бүт дүйнөнүн элдерин сындырышты, тоношту. Акыркы 50 жылда эле 33 мамлекетти талкалап, бомбалаган тизмеси турат интернетте. Индия Англияга колония болуп турганда 45 триллион долларлык ресурсун тоноп, 29 миллионго жакын индустар ачтан кырылганын эсептеп чыгышты. А славяндар тизе бүкпөй, тонотпой жатат. Ар жүз жылда келишип, тумшуктары канжалап кетишет. Ошон үчүн орустарды жек көрүшөт, жер үстүнөн кырып жок кылгылары келишет. Кечээ уктуңар го, Польшанын өкмөт башчысынын “орустар адамзаттын денесиндеги рак шишиги, аны кесип салыш керек” деген сөзүн. Ал бирдиктүү Батыштын тилегин ачыктады. Анан ошону көрүп, угуп турган орустар эмне кылышы керек? Жатып өлөбү, атып өлөбү?..
Аларга Ельцинге окшогон алкаш, жеңил-желпи макул боло берген президент, анан 90-жылдардагыдай сатылма либералдардын бийликке келгени жакшы. А Владимир Путин күчтүү президент болгон үчүн өлкөсүн талатып-тонотпой, мамлекети, эли үчүн бекем туруп атат. СССРдин убагында дан эгиндерин сатып алса, бүгүн Россия негизги экспортер, азык-түлүктүн ар кыл түрлөрү менен толук өзүн-өзү камсыздайт, аскери күчтүү, айлык, пенсия убагында төлөнүп, баягыдай ачкачылык, жумушсуздук жок. Ошон үчүн Россиянын 80% эли Владимир Путинди колдоп жатат. АКШ болсо “миллиарддаган долларларды беребиз, стабилдүүлүктү бузгула, Путинди кулаткыла” деп бир ууч оппозицияны козутуп, майнап чыгара албай келет.
-- Бизчи? Биз, кыргыздар ушундай кырдаалда кантебиз?
-- “Алыбек алына жараша” дейт эмеспи. Садыр Жапаров туура эле аныктама берди. “Чоң империялар менен таймашабыз” деп куру бекер тыйтактагандан эч пайда жок. Калыс эле болуп турганыбыз оң. Аныбызды стратегиялык өнөктөшүбүз Россия деле түшүнөт. Биз туура эле жолдобуз. “Коңшулар менен ынтымакта, биримдикте бололу” десең эле “орускул, орустун көчүгүн өзүң жала, биз алардан кол үзүшүбүз керек” деп жулкунган ашкере улутчулдар, АКШга сыйынган бейөкмөтчүлөр ар кандай аракеттерди көрүшүп, Кыргызстан менен Россиянын мамилелерин бузуу үстүндө иштеп келишет. Буларды тизгиндеп, тыйбаса болбойт.
Президент азыркы командасы менен колунан келген баардык аракеттерин көрүп жатат. “Жыйынтык көрсөтсөм” дегенде эки көзү төрт. Айлана-тегерегиндеги сугалактар жаманатты кылып атканы эле болбосо, Садыр Жапаровду “өз көмөчүнө күл тартып атат” дегенге негиз жок. “Өзү баарын билет” деп айта албасак да, билгендерди топтоп, көзөмөлдөп иштетип атканы факт.
-- Негизи өзү өнүгүү багытыбыз, идеологиябыз кандай болушу керек? Каякка баратабыз?
-- Биз кыргызбыз. “Кыргыз” деген байыркы улуу элдин атын алып жүрөбүз, ошол улуу элдин урпактарыбыз. Биз кытай, орус же башка боло албайбыз. Биз кыргыз бойдон калсак бар болобуз. Болбосо жоголобуз. Тирүү болобуз дечи, бирок ким экенибиз менен ишибиз жок, жөн эле жандардын тобу, мал болобузбу? Анда малчы керек го? Болушунча аракет кылып, өзүбүздүн иденттүүлүгүбүздү сактаганга умтулушубуз керек. Материалдык кызыкчылыктын, курсактын кулу болбой, нарктын, насилдин кулу болушубуз зарыл. Адамдык сапатты жоготуп, айбан аталып кетпейли! Негизги маселе ушу жерде болуп атат. “Жалаң кыргыздыкынан башканы чануу” дегенди айткым келген жерим жок. Жалпы адамзаттык баалуулуктарды кабылдоо менен, ошолордон кем эмес, аларга теңата болгон өзүбүздүн баалуулуктарды унутпасак, иденттүүлүгүбүздү сактап кала алабыз. Айрыкча мамкатчынын Оштогу сүйлөгөн сөзүн уккандан кийин ушундай ойго келдим. Кудайга шүгүр, уучубуз кур эмес экен. Нарк-насилди сактап, өткөрүп берер жаңы муундагы аксакалдарыбыз бар. Сөздү багып, кабылдап, ары алып кетээр муунду даярдашыбыз керек. Сөз укчулар азайып баратканын эмитен ойлонолу. Азыр ушул маанилүү.
Сүйүнбек Касмамбетов Акаевге чейинкилер, андан кийинкилер, бүгүнкүлөр менен да тил табышып, баарына иштөөгө ыңгайлуу, комфорт атмосфера түзүп, мамлекеттик аппараттын аксабай иштешин камсыздап бере алганы, өзү айткандай конфликтсиз адам болгону үчүн, ошо чоңдорго да, эң негизгиси мамлекетке да керек болуп жатат дечү элем. Буга чейин мен Сүйүнбек Сапарбековичти тажрыйбалуу, абройлуу, абийирдүү мамлекеттик кызматкер, адамгерчиликтүү, акылдуу, мекенчил инсан, татыктуу ата, бир тууган, дос, жакшы адам катары билчүмүн. Көрсө, мен аны такыр билбепмин...
Маңкуртташып, курсак менен гана ойлонууга өтүп бараткан кыргыз коомчулугун “селт” эткизе турган, унутулуп, жок болуп кетүүгө бет алган, байыркы бабалардын кан-жанынан жаралып, бизди эл катары сактап келген нарк-насил боюна сиңип, ичинде оргуп-кайнап турган, туура жолду көргөзүп, жол баштай турган эр адамды көрдүм, Сүкөбүз Ошто сүйлөгөндө...
“Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши” деген кеп бар. Анын сыңарындай, көп жылдар бою таанып-билген, аралашып эле жүргөн жоро-жолдош, досторуңдун ички дүйнөсү тууралуу көп нерсени билбешиң деле мүмкүн экен. “Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар” деген ушу болсо керек...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











