Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

05-ноябрь, 06:30
765 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн сандарда)

Хан-Теңири чокусу

Жер шарында байыркы доордон бери аттары сакталып калган географиялык жерлер саналуу. Алардын бири Хан-Теңири чокусу (7010 м), аны курчап турган өрөөндүн тургундары Кан-Тоо, же Кандуу тоо деп аталып калган. Күн батканда мрамор таштардан турган чоку кызгылт сары түскө айланат.  

Уламыш боюнча алганда, рухтар асманда от жагышып, анын жарыгы асманды тешип өткөн чокусун чагылдырат. Жылып бараткан булуттар ак карлуу чокуда жарык менен көлөкөнүн кыймылынын элесин жаратат.


Жети-Өгүз капчыгайы

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Жети-Өгүз капчыгайы Кыргызстандын эң кооз жерлеринин бири болуп эсептелет. Байыркы доордон бери ал курамындагы жогорку радиоактивдүү газы бар минералдык ысык суу чыккан булактары менен белгилүү.

Бүтүндөй бир аймакка Жети-Өгүз деген атты берген монументтүү кызыл аскалардан турган Жети Өгүз кырка тоолорунун да атагы чыккан. Алардын пайда болушу боюнча бир нече уламыштар бар. 


“Жети бука” жана “Жарылган жүрөк” жөнүндө уламыштар

Байыркы заманда касташып жүргөн эки башка башкаруучу жашаган. Алардын биринин сулуу аялы болгон. Экинчиси сулууга көз артып, аны уурдап кетет. Эки башчынын ортосунда кандуу согуш башталып, келиндин күйөөсү сүйүктүү жубайын өзүнө кайтарып берүүнү талап кылат. Антпесе келип баскынчыны жок кыларын айтат. 

Каардуу хан душманга баш ийбөөнүн амалын издеп баштайт. Анын жакындарынын бири коркунучтуу сунуш берет экен. Ал “сулуунун тирүү же өлүгүн бер деген жок да, аракетте аялын артка кайтаргысы келип жатат, ошол үчүн аны өлтүрүп, күйөөсүнө сөөгүн берүүнү айтат. Хан бул ойду жактырат. Анан күнүнө бирден өгүз союп, жети күндүк той башталыптыр. Жетинчи күн келгенде акыркы өгүз союлуп, хан аялды өз колу менен өлтүрөт.Бирок жаман иш жазасыз калбай, адилеттиктин кылычы кара ниет хандын үстүнө эбак эле көтөрүлгөн болот. Аял өлтүрүлгөн учурда анын каны таштарга чачырап, өрөөндөрдө ысык суулар буркан-шаркан агып, ханды жана анын жанындагыларды жок кылат. Ошондон бери аял каза болгон капчыгай Жети-Өгүз деп аталып калыптыр.

Ортосунан бөлүнгөн эң чоң аска эл арасында "Жарылган жүрөк" деп аталат. Уламыштар боюнча, бул жерлерде бир сулуу кыз жашаган, ага үйлөнүүнү каалагандар дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келип турган, бирок анын жүрөгү кол жеткис бойдон калган.

Күндөрдүн биринде анын колун сураганы эң жакын эки дос келет. Үчөөнүн ортосунда махабат оту тутанганын кара... Алар мындай чырмалышкан сүйүү маселесин чече албай кыйналышат. Салт боюнча эрөөлгө чыгышып, жигиттер кыздын колу үчүн салгылашып, кармашта экөө тең каза табышат. Кыз муну угуп, эч нерсе артка кайтарылбастыгын түшүнгөндө, күйүтүнөн жүрөгүн сууруп чыгып аскага айланып кеткени...


Барскоон капчыгайы боюнча уламыштар

Көлдүн түштүк жээгинде, Барскоон капчыгайындагы байыркы карагайлардын арасында бийик тоолордогу мөңгүлөрдөн агып чыккан үч шаркыратма катылган. Бул уникалдуу жер жаратылыштын байыркы эстелиги болуп саналат. Ылдый аккан суунун бийиктиги 100 метрге чейин агылганы өзүнчө көркөм...  

Шаркыратмалардын эң төмөнкүсү – Манастын чөйчөгү, бир аз бийигирээк жердегиси – Аксакалдын сакалы, ал эми эң жогору жагында – Барстын көз жашы (б.а. Шампан шарабы) деп да аталат.

Уламыштар боюнча Манастын чөйчөгү шаркыратмасы – Манас сууну колу менен сузуп алганда, аскада чөйчөк пайда болгону эпикалык мүнөздө баяндалат.

Барстын көз жашы шаркыратмасы боюнча кайгылуу уламыштар бар. Күндөрдүн биринде илбирс эне үч баласын чуңкурга калтырып, өзү тамак издеп жөнөйт. Кайтып келгенде, үч кичинекей илбирс чуңкурдан кулап, өлүп калганын көргөндөгү энелик кайгысын элестетүү оор. Айласы кеткен байкуш илбирстин көз жашы куюлуп, сууга айлана баштайт. Ошентип, ал дагы деле ыйлап жүрөт, анын көз жашы сүйүктүү балдары мерт болгон жээктеги кырларга тийип, чачырап агууда...


Каньон “жомогу”

Көлдүн түштүк жээгинде укмуштуудай кооз Жомок каньоны бар. Бул жерден кызыл чоподон жана кумдан жаратылыш өзү жараткан укмуштуудай жаныбарларды – пилдерди, бегемотторду, жыландарды жана мурда кийин таптакыр көрбөгөн жаныбарларды көрө алабыз.


Каракол шаары

Көлдүн чыгыш жээгинде облустун борбору Каракол шаары жайгашкан. Шаар 1869-жылы 1-июлда аскердик-административдик борбор катары Чүй өрөөнүнөн Кашкарияга кеткен кербен жолунда негизделген. Башында имарат тик бурчтуу кооздукта көркөмдөлүп, ар бир куруучуга бакча отургузуу жана аллея салуу талабы коюлган.

20 жылдан кийин Падыша Александр III буйругу менен «Николай Михайлович Пржевальскийдин элесин Орто Азияда түбөлүккө калтыруу максатында» Каракол шаары Пржевальск деп өзгөртүлгөн. Шаардын тарыхый аталышы 1992-жылы кайтарылган.

Шаарды кытайлык будда храмынын стилинде курулган атактуу дунган мечити кооздоп турат, ошондой эле ал XIX кылымдын аягындагы архитектуралык эстеликтердин бири болуп саналат. Мечиттеги эң таңкалычтуу көрүнүш – анын бир да мыксыз жана темир-тезексиз салынганында. Куруучулар Тянь-Шань карагайларын, ошол жактагы теректен жасалган жыгач устундарды гана колдонушкан.

Шаардан 7 километр алыстыкта, Каракол капчыгайында, ийне жалбырактуу укмуштуудай токойлордун арасында Каракол лыжа базасы жайгашкан, беш көтөргүчү бар базанын бийиктигинин айырмасы 2300 метрден 3450 метрге чейин жетет.

Табиятынан Ысык-Көл эс алуучуларды, туристтерди жана илимпоздорду өзүнө тартып келет. Бүгүнкү күндө кум жээктен дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген туристтерди жолуктура алабыз. Туптунук, муздак, тузу аз сууга жок дегенде бир жолу түшкөн адам анын таасирин дароо сезет, энергия алат, суу ден соолукка гана эмес, жандүйнөсүнө да оң таасирин тийгизет.

Аймактын көркү – анын эмгекчил, акылдуу, демилгелүү, ак көңүл, меймандос элинде.


Кыргызстандын “Алтын өрөөндөрү” 

Чүй облусу Кыргызстандын борбору жана өлкөнүн эң өнүккөн аймагы болуп саналат. 

Алгачкы эмгек жолумду баштоо ушул түшүмгө мол өрөөнгө буюруптур. Бул жерден жашоону ар кандай өңүттө баштан кечирдим, уулдарым төрөлдү, жаңы туугандарды, көптөгөн досторду таптым. Аламүдүн районунда иштеген 6 жылдан ашык убакыт ичинде адамдардын мүнөзүн, өзгөчөлүгүн жакындан биле баштадым.

Айтайын дегеним, чүйлүктөрдүн көбү сабырдуу, эмгекчил, акылдуу жана боорукер болушат. Бул кооз чөлкөмдө ар улуттун өкүлдөрү ынтымакта жашап, эриш-аркак жанаша иштешет эмеспи. Борбор шаарыбыздын ушул жерде жайгашканы да ошондон болсо керек.


(Уландысы кийинки санда)  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер