Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Барактагы эки ооз сөздү “реп стилинде” окуган Бакасов

Барактагы эки ооз сөздү “реп стилинде” окуган Бакасов

18-сентябрь, 20:52
765 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кезинде каралар менен байланышы бар деп айтылып жүргөн Улан Бакасов акчанын күчү аркылуу 2021-жылы Жогорку Кеңештин босогосун аттабады беле? Мандат ушунчалык кумарлуу болот экенин ушундан билиңиз, эки ооз сөздүн башын тыңыраак кошуп окуй албаган Бакасов кайрадан депутаттыкты көксөп, эртелеп аракетин баштады. Бул чакырылышта каарманыбызды мыкты мыйзамчы атоодон алыспыз. Баракка жазылган сөздү эжелеп окуган Улан Бакасов коомчулукка күлкү болгон эле. Дегенибиз, жардамчысы жазып берген сөздөрдү “реп стилинде” окуп, кесиптеши Адахан Мадумаров менен «айтышканы» эсибизде эмеспиДеңгээл жагынан салыштырып караганда, Улан мырза алды-артын байкап, саясаттан алыс жүрсө не? Бир балээге чалынып кала электе... Ошондо коомго көбүрөөк пайда келтирмек беле (?) деген ой келет. Анүстүнө баягыдай таянган финансылык мүмкүнчүлүгү жок экенин эске алганда, Бакасовдун азыр айласы алты кетип турган чагы.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер