Акыркы кабарлар
» Саясат » Байсалов Лейлекте чек ара маселесин саясатташтырбоону катуу эскертти
Байсалов Лейлекте чек ара маселесин саясатташтырбоону катуу эскертти
25-ноябрь, 05:11
1 634 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бүгүнкү бийликтин саясаты мурунку бийликтерден айырмаланып, башкача нукта иштей турганын айтып келаткан Эдил Байсалов болуп жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Саясатты дагы Эдике кызытып атканы чындык. Кечээ Байсалов Баткенге иш сапар менен барып, Лейлектин эли менен жолугушууда чек ара маселесине токтолуп, "Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден өткөн кайсыл мекенчил, патриот саясатчы бар? "Атың чыкпаса жер өрттө" дегендей, айрымдар чек ара маселесин саясатташтырып, атын чыгаруу үчүн "жер өрттөп" жатышат. Биз жерибизди андай бузукуларга өрттөтпөйбүз, керек болсо өздөрүн өчүрөбүз" деп катуу айтты. Чындыгында, чек ара маселесин чечүүдө биринчи кезекте ички биримдигибиз бир муштумдай түйүлүп турушу зарыл экенин Байсалов баарыбызга жеткизе айтып жатканы калппы?! Байсаловдун сөзүндө жан бар...
Бөлүшүү: