Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Асел Кадырбекова: “Расмий ажыраша элекпиз. Бирок чогуу жашабайбыз”
Асел Кадырбекова: “Расмий ажыраша элекпиз. Бирок чогуу жашабайбыз”
22-март, 17:21


Ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын эки ажырым жолго түшкөндөрү интернет желесине кечээтен бери тарап жатат. Мындай кептердин тарашына Асел Кадырбекованын Инстаграм баракчасындагы катталуучунун “ажырашып кеттиңиздерби?” деген суроосуна жазылган жообу себеп болду.
Анда ырчынын социалдык тармактагы баракчасына калтырган билдирүүсүнө окурман “силерди ажырашты деген чынбы?” деген суроосун калтырган. Ал эми ырчынын аккаунтунан төмөндөгүдөй жооп жазылган:
“Чын. Расмий ажыраша элекпиз. Бирок чогуу жашабайбыз. Өзүмө келип, көзүмдүн көрүүсү жакшыргандан кийин расмий ажырашам”.











