Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлшайыр Садыбакасова: “Баламдын жыты кете элек көйнөгү сай сөөгүмдү сыздатты”

Гүлшайыр Садыбакасова: “Баламдын жыты кете элек көйнөгү сай сөөгүмдү сыздатты”

18-февраль, 14:07
2 553 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова жалгыз уулу Эркинди жоготуп, каңырыгы түтөп, эскерип олтурганын айтат:

“Бишкекке келдим… Алты айлык азалуу көңүлүмдү кайрадан кара булут каптап, сай-сөөгүм сыздап, уулум Эркинди эскерип олтурам… Ал жашаган үйүбүз, комнатасы… Күндөлүк урунган буюм тайымдары… Өз колу менен тыкан жыйналган кийимдери… Ирээттүү илинген костюм-шымдары… Баламдын жыты кете элек көйнөк-көнчөктөрү… Кийилбей сыны кеткен бут кийимдери… Пальтолору… Өзү жактырып маңдайына тизип алган Сайкалдын, “Кыз-Бурактын” сыйлык-статуэткалары… 4 ай айдаган “Матиз” авто машинасы… Чет өлкөлөрдөн келген эстелик белектер, тарелкалар ж.б.у.с. Баламды кайрадан эсиме салып, азап-кайгым жаңыланып, каңырыгым түтөдү… Баламды жоктоп өңгүрөп ыйлап жаттым..

Экошам, сени аябай сагындык. Алдыңа барып жатып алайын деймин, бирок арга жок экен кулунум… Жараткандын айтканы менен жашайт экенбиз. Айтып бүткүс арманым, ат көтөргүс дарманым, бейкубар болсун жаннатың, бейишин берсин Аллахым… Күйүттөн күйүп чок болгон апаң, эми сенин арбагыңа багыштап дуба окуу менен өмүр кечирет… Аллахым акыретиңди абат, рухуңду шат кылсын! Кабырың нурлуу, чын дүйнөң жылуу болсун! Бейиште периште сымал учуп-конуп, ойноп-күлүп жүрүшүңдү Кудайым насип этсин!”, – дейт.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер