Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Коррупция менен күрөшүүдө “кустуруу” эч кандай натыйжа берген жок”

“Коррупция менен күрөшүүдө “кустуруу” эч кандай натыйжа берген жок”

12-февраль, 09:00
654 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Күч органдарынын кызматкерлери, соттор паракорчулукка айыпталып келишсе, башка тармактарды кантип тартипке келтиребиз? Коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыктары эмнеге жемишин бербей жатат?

Жусупжан Жээнбеков, экс-губернатор:

-- Биринчиси, айлык маяналары аябай аз. Экинчиси, ишке кирүү, карьералык өсүү жогорку жактан тааныш, башкача айтканда, “жүндүү билек”, анан жасакерлик талант. Үчүнчүсү, канча убакыт иштээрин кадр өзү билбейт. Тагыраак айтканда, сыйланбайт, ошонун негизинде тез арада материалдык жактан баюуга аракет жасайт. Себеби, “бардык нерсени сатып алса жана сатса болот” деген түшүнүк пайда болуп, калың катмардын түпкүрүнө отурукташып бара жаткандай.

Мындай көрүнүштү билүү үчүн мектеп окуучуларынан же ЖОЖдун студенттеринен сураса деле болот. Алардын ичинен врач, мугалим, токарь, слесарь, ширетүүчү ж.б. болгусу келгендер өтө аз. Сталин айткандай, “кадрлар баарын чечет”. Ошондуктан илим-билимге өтө катуу көңүл бөлүп, ар бир кадрды сыйлап жана тарбиялообуз абзел. 

Коррупция менен күрөшүү өтө оор иш. Ал бирөө-жарымга тоголок кат жаздырып эле анан барып баса калуу эмес! Мамлекеттин биринчи байлыгы бул эли. Эл байымайын, мамлекет байыбайт. Калың катмардын түшүнүгүн патриоттуулукка окутуу жана үйрөтүү зарыл, “бүгүн иштеп, эртең уурдап-тоноп анан качып кетем” деген ойдон арылтуу абзел. 

Эмир Сарпашов, ишкер:

-- Коррупция менен күрөшүү туура жүрүп жатат, бирок аны жеңүү үчүн реформа керек. Реформаны эртелетип, коррупция менен күрөштү күчтөп, тамырын кыркыш керек!

Төрөбай Колубаев, коомдук ишмер:

-- Кыргызстанда коррупция тамырлашып, коррупциялык системалар өнүгүп кеткен. Ошон үчүн эки жылдан бери кармап, кустурса да азайбайт. Сыягы, коррупционерлерди кустуруу оңой жаза болуп жаткандай. Мындай ыкма коррупционерлердин коркуу сезимин жоготуп, кармалсак, төлөп чыгып кетебиз” деген тобокелдикке салып, баштагы ишин улантып жатышкандай. Коррупцияны азайтуу үчүн күрөштү күчөтүп, жазаны оорлотуу керек. Антпесек коррупционерлер азайбат. 

Турсунбек Акун, укук коргоочу:

-- Паракорчулукту, кызматынан кыянаттык менен пайдаланууну, коррупция менен күрөшүүнү илим менен айкалыштырып, концепция иштеп чыгуу зарыл. Анткени, коррупция менен күрөш камоо менен эле чектелип, анча жыйынтык чыкпай жатат. Бул коррупция менен күрөштүн бир эле түрү болуп, аздык кылууда. Ошон үчүн илим менен айкалыштырган концепция түзүп, бала бакчадагы балдардан баштап, мектеп, университеттеги студенттерге чейин түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, масштабдуу иш алып баруу керек. Массалык маалымат каражаттары дагы мыкты адистер, өмүр бою коррупцияга аралашпай таза иштеген мамлекеттик кызматкерлер менен баарлашып, коррупциясыз жашоону даңазалашы абзел. Азыр мамлекеттик канал деген УТРК менен ЭлТРде коррупция менен күрөшкөн, коррупциянын түрлөрү боюнча берүүлөр жокко эсе. Кыскасы, кыргызчылык да коррупцияга чукулдап каларын, анын оң-терс жактары кандай натыйжага алып келерин элге сиңирүү зарыл. Коррупция менен күрөшүүдө кустуруу эч кандай натыйжа берген жок. Себеби, миллиондорду жегендер акча төлөп, оңой кутулуп кетишүүдө. Эгер коррупционерди 20 жылга кесе турган болсок, алардын төлөгөн айып пулун эске алып, камактагы 3-4 жылын кыскартып койсо болот. Калган мөөнөтүн сотто өтөй турган кылып койсо, коррупционерлер кооптонуп калышмак. Азыр болсо тобокелдикке салып, кармалсам, төлөп чыгып кетем” деп баштагы ишин улантып жатышат.

Бийлик дагы коррупционерлердин төлөгөн каражаты, конфискацияланган мүлкү кайда жумшалганын байма-бай айтып, элге отчёт берип турушу керек болчу. Себеби, мамлекетке конфискацияланган мүлктөр экинчи колго өтүп жатат деген күмөн саноолор күч го? Мына ошондой күмөн саноолорго ачыктык гана чекит коё алат. Ошондой эле “коррупцияга каршы күрөш” деген ураан менен өмүр бою бизнес жасап, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкондор да камалып кетишти. Коррупция менен күрөшүүдө бизнесмендерди муунтпашы керек. Бизнесмендерди камоо өлкөбүздүн экономикасына зыянын тийгизип коюшу мүмкүн.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер