Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эжем жездемди дубалатып алып, бактылуу болуп жүргөнүнө жүрөгүм ооруйт

Эжем жездемди дубалатып алып, бактылуу болуп жүргөнүнө жүрөгүм ооруйт

01-апрель, 15:54
1 901 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар” демекчи, бир тууган болсоң дагы ар башкача мүнөз, кыял, адамдык сапат менен жаралат экенсиң. Мен бир тууган эжемдин жашоосун карап туруп, жүрөгүм ооручу болду. “Мындай кадамга барбайт элем” деп ойлонуп коем.

Жездем экөө кыз-жигит болуп көпкө сүйлөшүп жүрүп үй-бүлө курушкан. Бирок арадан беш жылдай убакыт өтсө да эжем көз жарбады. Биротоло төрөй албастыгы да маалым болгондон кийин жездемдин туугандары эжем экөөсүн ажыраштырууга аракет жасай башташты. Жездем дагы өзгөрө баштады. Ошондо эжем ар кайсы көзү ачыктарга барып жүрүп өзүнө дубалатып алды. Азыр жездем эжемдин көзүн карап, балдары жок болсо деле бактылуудай жашап жатышат. Турмуштары жетиштүү. Бирок эжемдин кылыгы үчүн мен кыйналам. Өкүнөм. Бир курдай эжем менен сырдашып отуруп оюмду айттым. “Жездем акыры балалуу болушу керек. Артында тукуму калышы керек. Балким “экинчи аял алам” десе макул болосуңбу? Кудай алдында күнөөлүсүң...” деп бетине айттым. Эжем катуу ачууланып, “сен ушул сөздү айтсаң башкалар эмне дейт?” деп мени үйүнөн кетирүүгө шашты. Бирок мен эжем жездемди дубалатып алып, бактылуу болуп жүргөнүнө жүрөгүм ооруйт...


Айзуура Алимова

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер