Той-топурду, жеңил-желпи шаан-шөкөттү эмес, илим-билимден ийгилик жараткан жаштарды даңктаган күн келеби?

Ушундай суроо жолдодук. Себеби, соңку убакта жарышып той бергендер адатка айланууда. Садыр Жапаровдун ысырапкорчулукка каршы демилгеси колдоо таппады. Ары жок коом экенбиз. Ашкере шапар тебүүгө эмес, билимге умтулган жаштарга жол ачсак не?..
Эсенгул Исаков, экс-депутат:
-- Чын эле азыр “аш көп болсо каада көп” арбып, шаан-шөкөттөр, бири-бирине окшош той-топурлар көбөйдү. Канчалык маанилүү экенин деле билбейм. Андан көрө баарыбыз “балам баланча жогорку окуу жайын артыкчылык диплом менен бүтүрдү” деп той өткөзүп, элден бата алып, жаңы эле бир кесипке ээ болгон жаштарга стимул берсек жарашмак. Алган илимин даңазалаганды жайылтсак, мамлекет, коом үчүн да, билимге кызыккандарга да пайда болот беле? Себеби, тойго келген коноктордун ичинен чет өлкөлүктөр менен байланышы барлар сыртка иштөөгө жол ачып берсе, жаңы эле кесипке ээ болгон жаштарыбызга келечектүү дарбаза ачылып, андан да чоң ийгиликтерди жаратышына себеп болмок. Мен илимди, билимди даңазалоону каалайт элем. Азыр үй-бүлөлүк тойлорду тууган-уругу менен үйүндө өткөргөндүн ордуна ресторанда 300-500 киши чогултуп алып, той бергенди адат кылып алдык. Кур намыс да...
Роза Шүкүралиева, ОшМУнун мугалими:
-- Азыркы учурдун талабы, же пиар заман агымы ошого алып баратабы, шаан-шөкөттүү той берген адатка айланды. Бирок маселе тойдо эмес, коомдун бузулганында. Мага адамзат аң-сезимден, паам-парасаттан, мээримден ажырап, маңкурттук күч алып бараткандай сезилет. Бара-бара нукура адамдар менен сүйлөшүү кыйынга турчудай туюлат. Азыр бирөөгө сүйлөө да коркунучтуу... Паркта басып баратып, улгайган аялдардын кыйналып эккен гүлдөрүн тебелеп-тепсеп, үзүп-жулуп жаткандарын көрүп калып, “андай кылба, кызым” десең, апасы келип кызына “гүлдү үзбө” дегендин ордуна “сенин ишиң болбосун!” дейт. Ушундай коомдо кантип билимди даңазалайсың, даңктайсың? Мен да билимдүүлөр көбөйгөн, адамдар жарым сөздөн түшүнгөн, бири-бирине кыянатчылык кылбаган коомдо жашагым келет. Бирок, азыр билими жок болсо да, агрессиясы менен тебелеп-тепсеп кеткиси келгендер көп. Эйнштейн “технология менен бетме-бет баарлашууну алмаштырганда, биз акмактардын муунуна ээ болобуз” деп туура айткан экен. Азыр ушундай доорду башыбыздан өткөрүп жатабыз.
Мадин Итикеев, серепчи:
-- Системалар алмашканда көз караштар, баалуулуктар да алмашат жана дүйнөлүк таасирлер да күчөйт. Мисалы, союз тарады, баары жеке менчикке өтүштү. Коллективдүү өнүгүүдөн капиталисттик өнүгүүгө оогондо, биздин эл эмне кыларын билбей калды. Анан бар тапканын той-топурга жумшашып, “окемдердин” салты боюнча, жетимиш жыл канга сиңген таасир менен топурап эле жатып калдык. Ата-энелер базарга чыгышып, балдар да каралбай калды, анан кайдан билим алышсын? Ошентип, отуз жылдан ашуун жеңил-желпи, шаан-шөкөт менен жашап келдик. Башынан тескери багытка түшүп, дагы эле туура жолду таба албай келебиз.
"Азия Ньюс" гезити