Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялын бычактап, качып кеткен 62 жаштагы киши кармалды

Аялын бычактап, качып кеткен 62 жаштагы киши кармалды

02-декабрь, 13:39
933 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

29-ноябрында Чүй облусунун Токмок шаарындагы ооруканага бычактан жаракат алган аял келип түшкөн. 

Токмок ШИИБинин милиция кызматкерлери ооруканага барышып, окуянын чоо-жайын иликтешти. 

2019-жылдын 29-ноябрында саат 12:27 чамасында Токмок шаарындагы медициналык борборлордун биринде жубайлар ортосунда чыр чыккан. Медициналык борбордо ал үй-бүлөнүн жубайы иштеген. Бул чыр күчөп отуруп, күйөөсү аялын бычактап салуу менен аяктаган.

Аялын бычактагандан соң күйөөсү окуя болгон жерден качып кеткен. Денесинен жаракат алган 57 жаштагы Ш.Г. шаардык ооруканага жеткирилген. Бул окуя боюнча “адам өмүрүнө кол салуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыш изи сууй электе 62 жаштагы Ш.А. атуу шектүү колго түшүрүлгөн. Азыркы тапта тергөө жана иликтөө иштери жүрүүдө.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер