“Кавасаки дарты имунитети төмөн балдарды өлүмгө да дуушар кылышы мүмкүн”
Кавасаки синдромуна окшош илдет менен жабыркап, ондогон балдар дарылануудан өтүүдө. Бул дарттын кооптуулугу тууралуу сурап, КММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти, жогорку категориядагы дарыгер Дамирахан Чыныева эжеге кайрылдык.
-- Дамирахан эже, кавасаки дартынын көбөйгөнү кооптондурууда. Адис катары окурмандарга бул дарт тууралуу кененирээк токтолсоңуз?
-- Кавасаки синдромун 1960-жылдары Японияда Кавасаки деген врач адам аныктап, дарт анын атынан аталып калган. Бул дарт Европага салыштырмалуу Азия өлкөлөрүндө көп кездешип, кыздарга караганда эркек балдар бир жарым эсеге көп оорушат экен. Айрыкча эң жаш 5-6 жашка чейинки балдарда кездешет. Айрым учурда гана улуураак балдардан учурап калат.
Америкада 25-30 жаштагы адамдардын бул дартка чалдыкканы илимде жазылып жүрөт. Бул ооруга бактерия чакырган оорулар бат кошулушу мүмкүн. Кээ бир өлкөлөрдө кене чаккандан кийин да пайда болгону айтылат. Бул дарт декабрь айынын аягында, март апрель айларында көп жолуктурулуп, жугуштуу оорулардын катарын толуктайт. Клиникалык белгилерин айта турган болсок: денеде, буттарында, алакандарында ачык кызыл тактардын пайда болушу. Оору күчөгөн сайын дененин терилери да сыйрылып түшүшү мүмкүн. Тырмактарында сызыкчалар, оозунун ичи ачык кызыл болуп, тилдери кесилип-кесилип кетет. Көздөрүнүн чел кабыгы канталап, жаш агат. Күндөн коркуп, көзүн ала качат. Кирпик жактары шишип кетиши мүмкүн. Кызамыкка окшоп балдар караңгы жакка качышат. Ал жакка барганда өздөрүн кичине жакшы сезип калат. Моюндарындагы бездери да чоңойот. Алар сырткы териге да жармашып, оору кыйыныраак өткөндө бездери көзгө да көрүнүп турат. Ошон үчүн оорунун өз стадиялары болот. Биринчи 7-10 күндө дене табы 39-40 градуска чейин көтөрүлөт. Температураны түшүрө турган дарыны берсе да түшпөйт. Дарт бир жарым айга чейин созулушу мүмкүн. Кан тамырынын жарылышы да кездешет. Кызыл бүдүрчөлөр ар убакта болуп турат. Оору басаңдап, бирок дене табы кайра көтөрүлсө, оору кайра жаңырышы мүмкүн.
Бул ооруну убагында таппаса, өтүшүп кетүү кооптуулугу бар. Өнөкөт дартка айланып кетүү азабы да кездешет. Кавасаки дартына чалдыккандар жугуштуу ооруларды дарылаган дарыгерлердин жана кардиологдордун көзөмөлүндө болушу керек.
-- Диагноз коюуда оперативдүүлүк керек экен да?
-- Диагноз тез жана так коюлушу керек. Температурасы көтөрүлгөндө оорунун беш белгисинин 3-4 белгилери байкалса эле ойлонсо болот. Бат диагноз коюучу ыкмаларды колдонуу зарыл.
Кандын анализи, биохимиялык анализдер керек. Жүрөктүн кан тамырлары да жабыркап, инсульт, инфарктка да алып келиши мүмкүн. Жүрөктү тез ЭКГдан өткөрүү шарт. Көбүнчө имунитети төмөн балдарды өлүмгө да дуушар кылышы мүмкүн. Дене табы көтөрүлүп, көзү чылпактап, жарыкты карай албай, денесинде кызыл тактар пайда болгондо эле дарыгерлерге тез кайрылуу оң натыйжа берет.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити