Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустан кийин өпкөнү калыбына келтирүүнүн ыкмалары

Коронавирустан кийин өпкөнү калыбына келтирүүнүн ыкмалары

09-август, 12:41
475 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адистер инфекциянын кесепетин жүрөк менен өпкө көбүрөөк тартарын айтып келишет. Мындан улам ооруган организмди калыбына келтирүүгө аракет кылыш керек.

Коронавирус жабыркаткан өпкөнү калыбына келтирүүнүн бир нече ыкмасы тууралуу Россия илимдер академиясынын профессору, пульмонолог Кирилл Зыковдун айтып бергенине таянып, "Известия" басылмасы жазды.

Адистер инфекциянын кесепетин жүрөк менен өпкө көбүрөөк тартарын белгилеп келишет. Зыковдун айтымында, биринчи кезекте чылым тартуудан баш тартуу керек. Электрондук тамеки менен вейптерге да тыюу салынат.

Андан соң толук кандуу респиратордук реабилитация зарыл. Бул бир нече тармактын адистери: анын ичинде физиотерапевттер, дарылоочу дене тарбия көнүгүүлөрү боюнча адистер, диетологдор, психологдор катышкан программа. Калыпка келүү аракеттеринин натыйжалуу болушу үчүн көнүгүүлөрдү жумасына үч жолу жарым сааттан кем эмес жасоо керек. Бул эки айга созулат” деди Зыков.

Пульмонолог машыгуу комплекстүү болушу шарт экенин белгилеп, ооруп айыккан өпкөнү суук тийүүдөн, грипптен сакташ керек экенин кошумчалады.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер