Көзүмө чөп салган жолдошумду эмне кылсам болот? Айткылачы?..
Азыркы учурда душманыма да каалабай турган абалга кептелип отурам. Ошондуктан сизге кайрылууну туура көрдүм. Мындан 2 жыл мурда жолдошум мени ала качып кетип, үйлөнүп калганбыз. Күйөөм экөөбүз башында бири-бирибизге көнө албасак да, кийин баары орду-ордуна түшүп, жашап кеттик. Бирок, акыркы учурларда мага болгон мамилеси өзгөрүп, такыр көңүл бурбай калды. Көбүнчө жумуштан кеч келип, кээде келбей да коет. Анысы аз келгенсип, мурда мактап жеген тамактарды жактырбай, ар бир ишиме кийлигишип, сын такканды адат кылды. Бир күнү күйөөм мас абалында үйгө кирип келип, экөөбүз уруша кеткен болчубуз. “Мен башка бир аял таптым, ал сага караганда миң эсе жакшы, кара ишенбесең” деп телефондогу татынакай келиндин сүрөтүн көрсөттү. Мурда шекшип жүргөн болсом да, жолдошумдун оозунан бул сөздөрдү угуу мага аябай эле оор болду. Ошол күндөн бери ары карап ыйлап, эч кимге айта албай жүрөм. Эмнеге мындай болушу мүмкүн? Жакшы эле жүргөн жолдошум көзүмө чөп салганын кантип кечирем?
Элиза