4 жигит каза болуп, дагы бир жигит жандандыруу бөлүмүндө жатат
Ош-Өзгөн жолундагы кырсыктан 4 бала каза болуп, дагы бир жигит жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 5-август күнү эртең менен саат 5:00 чамасында Ош-Өзгөн жолунун 5-чакырымында «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ош шаарын карай келе жатып рулду башкара албай, жолдун четинде токтоп турган оор жүк ташуучу «SCANIA» унаасын сүзгөн.
Анын кесепетинен «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу -- Ош шаарынын 2002-жылы туулган тургуну С.А. жана жүргүнчү -- Ош шаарынын 2001-жылы туулган тургуну Н.Э. алган жараатынан улам окуя болгон жерден каза болушкан.
Ал эми калган жүргүнчүлөр: Ош шаарынын 2000-жылы туулган тургундары К.Н., А.Н. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилип, бирок ооруканада каза болуп калышкан. Учурда 2003-жылы туулган М.Э. аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Окуя Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, техникалык жана соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
“Турмуш”