Халида Азимбаева: “Биздин ооруканада коронавирустан өлгөндөр жок”

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын бөлүм башчысы менен маек
-- Халида Кожонасыровна, бул кесипти аркалаганыңызга көп болдубу?
-- Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында инфекционист-врач болуп иштегениме быйыл 1-августта 38 жыл болот. Ооруканабызда негизи көп бөлүмдөр бар: ичи өткөндөр, сарык, брюцеллез, менингит менен ооругандар. 38 жылдын ичинде мен жогорудагы бөлүмдөрдүн ар биринде иштеп чыктым. Жандандыруу бөлүмүндө да иштегем. Азыр пенсиядамын. Бирок, дале болсо иштеп жатам.
-- Азыр жугуштуу оорулардын кайсы түрлөрү өзгөчө көп кездешет?
-- Акыркы жылдары өнөкөт сарык оорулардын түрлөрү көбөйдү. Сарыктын эң курч мүнөздө өтүүчү түрү – гепатит А, гепатит Е деп эсептелет. Гепатит Е 90-жылдары өзгөчө түштүк регионунда баш көтөрүп, кош бойлуу келиндер, балдар көп оорушкан. Мен да ал жакка барып, ооруну жоюуга катышкам. Кудайга шүгүр, азыр гепатиттин ал түрү көп кездешпей калды. Ал эми гепатит А менен көбүнчө жаш балдар ооруйт. Бул оору күзүндө башталып, кышында күчөп, жазында азайып калат. Мына азыр жай келип калды, бул оору анчалык көп кездешпейт. Ал эми гепатиттин Б, С, Д түрлөрү болсо бат эле өнөкөткө айланып кеткен оорулар болуп эсепетелет. Бул ооруга чалдыкандар жылдап диета кармап, дарыланып туруулары керек.
Өнөкөт оорулар көбөйгөнүнөн улам башкы врачыбыз Гүлжигит Алиев диспансердик кабинетти кеңейтип, штат ачып, ага бөлүм башчы кылып мени дайындаган. Бүгүнкү күндө бизде 5 миңден ашуун киши каттоодо турушат. Бишкек шаары эле эмес, республика боюнча келгендердин баарын каттоого алып, анализдерин көрүп, стационардык жардам керек болсо жаткырып дарылайбыз. Бирок, өнөкөт оорунун бир жаман жери – жылдан жылга көбөйүп атат. Кээ бир адамдар операция жасатууга туура келет, кээ бир жаштар “чет өлкөлөргө окууга барабыз” дешет, анан анализ тапшырганда бул оорунун бар экени билинип калат.
Боор оорусу да көбүнчө билинбей өрчүп, күчөп, эгер убагында диета кармабай, дарыланбай жүрсө, циррозго өтүп кетиши мүмкүн. Бизге ошондой стадияда кайрылган бейтаптар да көп. Алар көбүнчө биздин ооруканада дарыланышат. Жайында жер-жемиштер чыгат, ысыктан улам тамак-аштар деле бат эле бузулуп калат дагы, аны жеген балдар (эмчек эмгендер азыраак) ич өткөктүн курч формасына бат чалдыгышат. Аларды да биз дарылайбыз. Андан тышкары, “капельная инфекция” деп коёбуз, суу чечек, скарлатина, паротит, менингококковая инфекция менен ооругандар да бизде жатышат. Азыр жай келип калды, биздин жарандар табият койнуна чыгышат, тоолорго барышат, анан ал жактан кененин энцефалитине чалдыгып келгендер да кездешет.
Тилекке каршы, акыркы айларда бүт дүйнөнү коронавирус оорусу каптады. Ошондуктан, анализинен ошондой оору чыгып калса, биздин ооруканага жаткырып, дарылап жаткан мезгили. Ошондуктан, мен жогоруда атап өткөн ооруларды ал жакка жаткыра албай, бизди бөлүштү. Кичинекей балдар шаардагы 3-ооруканада жатышат, ал эми чоң кишилер болсо Чүй облустук ооруканасынын мурдагы көз оорулар бөлүмүн жугуштуу оорулар бөлүмүнө айландырып, ич өткөк ооруларды ушул жерден дарылап жатабыз. Бул эми убактылуу көрүнүш. Коронавирус азайып, биздин оорукана ачылса, кайра эле мурдагы режим менен иштеп калышыбыз мүмкүн. Биздин буга үмүтүбүз чоң. Анүчүн биздин жарандар өзүбүздү гана эмес, башкаларды да ойлоп, режимди сактап, дүкөнгө барганда, коомдук транспортко чыкканда врачтар айткан аралыкты сакташыбыз керек. Өтө зарылчылык болбосо, эл көп чогулган жерлерге барбаганыбыз оң. Барсак да беткап кийип, колубузду антисептик менен жууп туруу шарт. Азыр антисептиктер ар бир дүкөндө турат. Сиз ооруп калсаңыз өзүңүзгө гана эмес, үй-бүлөңүзгө, жакындарыңызга да коркунуч алып келесиз. “Менин иммунитетим күчтүү” дегенге карабайт экен бул вирус. Жашты да, улгайганды да аябайт. Ар бирибиз жоопкерчиликти сезсек, ошондо гана бул вирусту жеңүүгө мүмкүнчүлүк болот. Анүчүн ар бирибиз тартипти катуу карап, өзүбүздөн баштоого тийишпиз. “Мага тийешеси жок” деген болбойт. Үйгө келер замат колубузду кир самын менен жууп койсок, жалаң гана коронавирусту эмес, башка оорулардын да алдын алган болобуз. Мисалы, ич өткөк деле ошентип жугат да.
-- Жакында эле Ошко барып, врачтарды дарылап келген турбайсызбы?
-- Тилекке каршы, түштүк регионунда вирус чыкканда биздин кесиптештерибиз да ооруп калышты. Мен жогоруда айткандай, бул оору эч кимди аябайт экен. “Сен жашсыңбы, медиксинби?” деп эч кимди тандабайт. Бул бир тилсиз жоо тура. Биздин кесиптештер ооруп калганда, “аларды дарылаганга врачтар керек болуп жатат” деп бизге кайрылышты. Биз “жок” деген жокпуз. “Биз барбасак ким барат?” деп барып, колубуздан келген жардамыбызды берип келдик. Биздин республикалык жугуштуу ооруканадан эки врач Оштун облустук ооруканасына бардык. Дагы эки врачыбыз Жалал-Абад шаарына, дагы экөө Ала-Бука районуна, кафедра башчылар Нарын облусуна барышты. Биз барган Ош ооруканасында 16 врач дарыланды. Алардын арасында жеңил түрү менен ооругандар да, оор түрүнө чалдыккандар да болду. Биз алардын баарына жардамыбызды берип, айыктырганга аракет кылдык. Кудай сактасын, биздин борбордо жаткандардын арасынан өлүм-житимге учурагандар болгон жок. Ошондон кийин бул жакка кайтып келип, азыркы күндө Чүй облустук ооруканасында иштеп жатам.
Динара Бейшеналиева
"Азия Ньюс" гезити