Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оор сыноо, кыйын кезеңде даңкталган Курсан Асанов

Оор сыноо, кыйын кезеңде даңкталган Курсан Асанов

11-июнь, 23:31
807 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2010-жылдын дал ушул күндөрүндө башталган Июнь коогалаңын кантип унутабыз? Ошто кыргыз-өзбек чатагы чыгып, кыргын-сүргүн, адамдар өлүп, үйлөр түтүнгө чулганып, өрттөлгөн. Жүрөк титиреткен мүнөттөр эле...

Биз ошол каргашалуу окуяны эстегенде, иралды комендант Курсан Асанов көз алдыбызга тартылат. Күн-түн дебей жаңжалды басууга жан аябай киришип, жаалданган, жаатташкан элге арачы түшүп, жоготуулардын алдын алууда профессионалдуу тажрыйбасы менен урушту көпкө узартпай, тынчтыкты сактоодо опол тоодой салым кошкон. Ал өз жанын тобокелге байлап, кан күйгөн жерде жол баштап, мамлекеттин туруктуулугун сактоодо салымы эбегейсиз болчу. Ошондо жумурай журтка даңазаланып, Курсан Асанов деген милициянын баатыры бүт Кыргызстанга “дүң” этти. Оор сыноо, кыйын кезеңдерде гана чыныгы күрөшчүл, элин сүйгөн азаматтар даңкталып, мезгил сынына коюлат тура. 

Андан кийин Курсан Асанов Жогорку Кеңешке депутат, ИИМге сегиз жыл орун басар болду. Аймактардагы, өзгөчө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы чек ара, улут аралык, кен байлыктарына байланыштуу эчендеген чатактарды басууга салым кошкон. Мына ушундай патриот, элдик генералга Кой-Таш окуясы боюнча болбогон жалаалар жабылганына кандай дейсиңер? Чындык акыры Курсан Асанов тарапта болоруна ишеним күч!


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер