Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапаров БУУнун жыйынында Кумтөр тууралуу кыйытты

Жапаров БУУнун жыйынында Кумтөр тууралуу кыйытты

22-сентябрь, 19:40
1 565 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Тилекке каршы, Кыргызстанда абийирсиз инвесторлор чоң киреше издеп, элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, тийешелүү деңгээлде кам көргөндүн ордуна экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда билдирди.

«Отуз жыл бою Кыргызстан туруктуу өнүгүү көйгөйлөрүн жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин чечүү үчүн эл аралык аренада деңизге чыга албаган тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын сүрөп келет.

Биздин демилгебиз менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясына ылайык, 2002-жыл «Эл аралык тоолор жылы» деп жарыяланган, ошол эле жылы Бишкекте биринчи глобалдык тоо саммити, ал эми 2018-жылы төртүнчү дүйнөлүк тоо форуму өткөрүлгөн.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын учурдагы сессиясында «Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобунан» биз 2022-жылды кайрадан “Эл аралык тоолор жылы” деп жарыялоону, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны бекитүүнү жана 2027-жылы «Бишкек+25» глобалдык саммитин чакырууну демилгелейбиз» деди Жапаров.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер