Эсенгул Исаков, экс-депутат: “Курултай эч убакта парламентке альтернатива боло албайт”
-- Эсенгул Байдалиевич, курултай боюнча оюңуз кандай?
-- Менин оюм бир эле, элдин басымдуу көпчүлүгү “курултай болсо” деп атат. Себеби, курултай институту бийлик бутактарынын ишмердүүлүгүнө жардам гана берет. Эң негизгиси, коррупция, пара алуу сыяктуу илдеттердин баары менен күрөшө турган болсок, анда коомдук уюмдардын эң орчундуусу – бул курултай болот. Аны президент деле айтып атат. Курултай институту бийликтин башка бутактары сыяктуу эле Башмыйзамыбызга кирди да. Башмыйзамга киргенден кийин анын бир да тамгасын эч ким өзгөртө албайт. Мен учурунда Жогорку Кеңеште депутат болгом, ошол кезде курултайды кабыл алмакчы болгонубузда, бийлик “азыр убактысы эмес” деп ошол бойдон калып кеткен. Азыр эми курултай керек үчүн Башмыйзамга киргизип, президент жакшы ойлорун айтты. Бирок, депутаттар былтыр эле кабыл алчу мыйзамды быйылкыга чейин кабыл албай, ар кандай сөздөрдү сүйлөгөнү элдин нааразычылыгын жаратууда. “Булар кимдер?” дешет. Мына, мен өзүм да делегат болуп шайландым. “Жаштарды шайлагыла” десем, “ал жакка барганда сүйлөгөндү билген, бийлик бутактарына сөзү өткөн адам керек” деп болбой шайлашкан. Ошентип, биз элдин элегинен өттүк. А депутаттар андай болгон жок да. Ар бир айылдан канчадан добуш алгандарын биз чукулап айткан жокпуз да. “Депутат болдуңбу? Эми иштей бер” деп колдоп атсак, келип алып “булар кимдер?” дейт. Бул “эл ким эле?” деген сөз да. Түбөлүктүү мандат алгансып сүйлөшөт. Эртең эле мөөнөтү бүткөндө булар деле барып, курултай деп сүйлөп калышат. Ошондуктан эки жүздүү болбош керек. Эмне үчүн мен депутат болгондо курултай идеясын колдоп жүрдүм? Бүгүн ар бир айылга депутаттар кааласа да жете албайт. Жете албай жаткандан кийин “делегаттар менен иштешсек маселелерди тезирээк угуп, тезирээк чечимдерди кабыл алып, элге кызмат кылат элек” дегендин ордуна тескери сүйлөп атышпайбы. Биз бөлгөн жокпуз, булар бөлүп атат экиге.
-- “Курултай Жогорку Кеңешке атаандаш институт болуп калды” дегенге кошуласызбы?
-- Бул ичтардык да. Эч убакта альтернатива боло албайт. Эл өкүлдөр жыйыны болсо кеп башка эле. Өздөрү түшүнбөй, тажрыйбасы жоктуктан “биздин ордубузду ээлеп алат” деп бөлүп атышат. Конституция жол бербейт ага. Башмыйзамда ыйгарым укуктардын баары бөлүнүп турат. Ошонун негизинде иштегендин ордуна тескери сөз сүйлөп, элдин баарын өздөрүнө каршы кылып алышты. Эртең өздөрү курултайды шайлаган эле коомчулукка барышат да, “мени кайра депутат кылып койгула” дешет. Мен бардык депутаттарды айткан жокмун, “каршы сүйлөгөн депутаттар эл өкүлү боло албайт” деп атам. Биз эң негизгиси, үч эле нерсени айтабыз. Булар жергиликтүү курултай дегенди алып салып атышат. Жергиликтүү курултай болбосо делегаттар шайланып келе албайт. Экинчиси, мөөнөтү. Булар “бир күндүк” деп атат. Бир жыл да эмес, үч жылдык кылыш керек. Себеби, биринчи курултайдын делегаттары берген тапшырмалардын баары аткаруу бийлигинде аткарылуу процессинде, же кароо процессинде. Анан жаңы делегаттар келип, жаңы тапшырмаларды берсе, үстөккө-босток болуп аткарылбай калат. Анда декларативдүү курултай болуп калабы? Үчүнчүсү, курултайда сүйлөгөн сөзү үчүн делегаттар куугунтукка алынбашы керек. Бүттү, башка эч нерсе айткан жокпуз. Ошол үч нерсени кошпой, бөйрөктөн шыйрак чыгарып отурушат...