Эсенгул Исаков: “Айыл чарба министрлиги менен шайлоо системасынын ашмалтайы чыгып калган”


-- Эсенгул ага, кечээ биринчи жолу күн күркүрөдү. Демек, жаз келди, аны менен бирге бизде талаачылык, дыйканчылык, айыл чарба иштери уланат. Алардын баарын тейлеп-тескеген айыл чарба министрлиги деген бар...
-- Суке, союз учурунда айыл чарба министрлиги баардыгын тейлеп-тескеп турчу. Союз ыдырады, аны менен бирге базар экономикасы күч алып, жапатырмак менчикке өтүштү. Бүгүнкү күндө 90% жеке менчик үстөмдүк кылууда. А айыл чарба министрлигинде болгону асыл тукум, үрөн чарбасы дегендер гана калган. Эми ошолорду да тескей албай атышат. Тийешелүү деңгээлде үрөн өндүрүп, асыл тукум чарбаларды өнүктүрө албай атышат. Ошон үчүн дыйкандар кыйналып, өздөрү ар кай жактан үрөндөрдү алып жүрүшөт. Айыл чарба министрлигиндеги үрөндөр, болгон асыл тукум чарбалар дыйкандарды камсыз кыла албай келет. Ошолордун ишине көзөмөл кылып, мониторинг жүргүзүп, алардын экспортко чыгара турган продукцияларына өбөлгө түзүү жолун изденишкен жок. ЖК депутаттары “министр кооз сүйлөйт экен” дешүүдө. Кооз сүйлөө менен маселе чечилбейт, аракет да кылуу кажет.
-- Азыр байкасаңыз, бир мандаттуу Ленин округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкерлер катталууда. Элдин тандоосуна шарт түзүлөбү, же бийлик сүймөнчүк адамын өткөрүп коёбу?
-- Шайлоо системасы бизде жаңылана элек. Бүгүнкү күндө “таза шайлоо болот” деп айтууга мүмкүн эмес. Канчалык президент Садыр Нургожоевич таза шайлоо өткөрүү боюнча ниет кылбасын, баары бир шайлоо таза өтпөйт. Себеби, элдин, анын ичинде шайлоочулардын акчага болгон муктаждыгы жогору. 500 же 1000 сом алып, каалаганын шайлап коё берет. Аны биз деле учурунда көрдүк. Өтө жакын туугандарыбыз 500 сомго “сатылып” кетишкен, турмуш өзү ушундай. Экинчиси, шайлоочу ошол берип аткан акчаны албай, мыйзамды сыйлап, татыктуу талапкерге добушун берсе, кандай сонун болот эле! Учурда биздин аң-сезимибиз ал деңгээлге жетпей жатат, “жеткирели” деген менен бир жеринен жаза басып алып, кайра эле ашмалтайыбыз чыгып атпайбы. 6-чакырылышты “чимкирик депутаттар” дедик эле, азыркылар андан да өтүп кетишти. Эми “көч бара-бара түзөлүп кеткиси бардыр” деген үмүт бар. Мыйзамдуулук болсун үчүн темирдей тартип, көзөмөл зарыл.











