Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Кыдыралиев, астролог: “26 адамдын камалганы акырындап жарыла турган минага айланып баратат”

Жанар Кыдыралиев, астролог: “26 адамдын камалганы акырындап жарыла турган минага айланып баратат”

29-декабрь, 20:45
13 662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жанар мырза, жыл тогошуу мезгилинде турабыз. Келерки 2023-жыл сиздин оюңузча кандай жылдардан болот? Турмушубузда кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө?

-- Мен эми жылдын кайсы айларында кандай өзгөрүүлөр күтүлөрүнө токтолоюн. Жалпысынан 2023-жылда жакшы нерселер көп болот. 

Январь айынын биринчи жарымы кооптуу, чыңалуу абалында өтөт. Кийинкиси, 20-февралдан 25-мартка чейин, анан май айынын орто чени, бир ай өтүп-өтпөй июль айынын биринчи жарымы, ага удаа август айынын экинчи жарымы, октябрь менен ноябрь айлары да кооптуу. Калган учурларда баары жакшы. Кыргыз эли өзүнүн тиричилигин, бизнесин, жеке турмушун тыңгылыктуу уланта бермекчи. 

-- Жогоруда көрсөтүлгөн болжолдуу даталар эмнеси менен кооптуу?

-- Мейли саясатта, мейли экономикада, же жеке адамдын турмушунда болсун, кооптуу учурлар байкалат. Бул эми жеке эле Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнөдө боло турган нерселер. А бизде болсо экономика жаатында инфляция деген балээге тушугабыз. Эл аралык мамилелердин курчуп кетиши да күтүлөт. Саясатчылар алдын ала кам көрбөсө, өзгөчө чек арада аскерлерибиз колго курал көтөрүүгө мажбур болушат. Элдик толкундоолор да ушул айларда күч алат. 

Жылдыздардын жайгашы боюнча милиция кызматкерлери ыгы жок коркутуу-үркүтүү амалдары менен элди кыжырдантып аларын эскертет. Азыр 26 адамды камап коюп, “биз кыйраттык” деп атышат. Алар жанагы акырындап жарыла турган минага айланып, акыры сыртына чыкканда кеч болуп каларын сезбей аткан өңдүү. Азыркы бийликтин “шиши” толуп баратат. Аны эл акырын жарып коёрун билбей аткан сыяктуу. Ошон үчүн бийлик абайлашы керек. Камактагыларды тез аранын ичинде чыгаруу кажет. Сырткы күчтөр кийлигишип, бул ишти оорлото электе дегеним... 

Жоон топ чиновниктер өз кызматтарынан кол жууйт. Ал эле эмес сот жообуна тартылуу жагы да жок эмес. 

-- Камактагы жарандарыбыз эмне болушат, чыгышабы?

-- Аларды көпкө кармап отурбайт. Жыл жаңырары менен жакынкы айларда чыгарат. Жарым жылга созулбайт. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер