Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Манас Ордодон” алынган чоң бозүй Чолпонбайдын 100 жылдыгында күбүлүп түштү

“Манас Ордодон” алынган чоң бозүй Чолпонбайдын 100 жылдыгында күбүлүп түштү

22-сентябрь, 19:42
9 674 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Таласта Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгы өтө турган күнү тажиктер кол салышты. Ошентип, Баткенде согуш, Таласта маараке бир маалда өтүп жатты. 

Ар кандай кеп чыгып, бири “тиякта согушуп атса быякта тойлоп...” десе, башкасы “атышарын ким билиптир, чоң согуштун баатыры Чолпонбайдын мааракесин кантип токтотобуз? Баатыры бар элбиз, эртең кайра сүрөбүз” дегендер басымдуу болуп, маараке жогорку деңгээлде өттү.

Кыркалекей тигилген 100 бозүйдүн арасында Өмүрбек Бабановдун 10 канат өргөөсү айрыкча бараандуу көрүнүп, көпчүлүктүн көз жоосун алып турду. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен Таластын губернатору Бакытбек Нарбеков “Бишкектен келген өкмөт башчыны Бабановдун үйүнө киргизмек белек, мындан башка чоң бозүй тапкыла” дешет. Андан чоңу “Манас Ордодо” 12 канат бозүй бар экенин, аны да ырым кылышып, сыртка алып чыкпай калышканын айтышат. Министр менен губернатор болбой алдырып, эки күн бою тиктирип, жаңы бүтсө, маараке болор күнү таңкы саат бештер чамасында ууктары сынып, кулап түшүп, саат алтыда тажиктер кол салганда бозүйдү шашылыш жыйнап кайра алып кетишиптир.

“Манас Ордонун” 12 канат чоң бозүйү кулаганда жүрөктөрү “шуу” эткени айтылды. 2005-жылы Майрам Акаева, 2010-жылы Жаныш Бакиев да бул бозүйдү сыртка алып чыгышып тиктиргенден кийин тополоңго айланганын эскеришип, уу-дуу болушуп, “40 уук сыныптыр” деп бири айтса, “жо-ок, 39 уук сыныптыр, кырк уруу кыргыз аман болгой эле” деп жакаларын карманышып, өткөндү эстешип, эл ичи удургуп жатты... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер