Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 100 миң долларга тартылган «Мекен» тасмасы талкуу жаратууда

100 миң долларга тартылган «Мекен» тасмасы талкуу жаратууда

01-август, 13:48
1 610 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"YouTube” платформасына жарыяланган «Мекен» тасмасы 31-июлда жарыяланды. Учурда тасманы 80 миңге жакын адам көрдү. Жаңы тартылган «Мекен» тасмасы көрүүчүлөргө баштапкы версиясынан 20-30% өзгөртүлүп тартууланды. Фильмдин режиссеру Медербек Жалилов тасма Кыргызстандын кен казуу тармагындагы коррупциялык система тууралуу баяндоо максатында тартылган. Жалилов өзү маанилүү деп эсептеген кадрларды алып салууга мажбур болгонун белгилеген.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Саламаттык сактоо министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана «Кыргызкинонун» өкүлдөрүнөн турган комиссия көрүп чыккандан кийин бир катар сын айтылып, тасманын айрым жерлери кесилген.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кинематография департаментинин башчысынын орун басары Айзада Усупекованын айтымында, тамсаны тогуз мекеменин өкүлдөрү кирген комиссия көрүп чыккан. Усупекова тасмада милициянын аброюна аябай шек келтирген учурлар болгонун жана айрым жерлерин оңдоого сунуш берилгенин билдирген.

Фильм жаратуучулары кино тартууга өнөктөштөр карызга берген 100 миң доллар сарпталганын билдирди. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер