Акыркы кабарлар
» Коом » “Сууда сүзүүгө тыюу салынат” деген белгиге карабаган эки жигит көлгө чөгүп кетти
“Сууда сүзүүгө тыюу салынат” деген белгиге карабаган эки жигит көлгө чөгүп кетти
20-июль, 19:26

Ысык-Көлдө 16-июлда 16 жана 22 жаштагы жигиттер салынып бүтө элек комплекстин аймагына өтүп, көлгө түшөбүз деп сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу маалыматты облустук милициядан ырастады. Балдар Барскоон айылынын тургундары болгон.
Тоң райондук милициясынын кызматкерлеринин айтымында, аталган аймак кооптуу болуп, “Сууда сүзүүгө тыюу салынат” деген эскертүү белги болгон.