Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чаласабат Ыдырыс Исаковдун чалмакейлери

Чаласабат Ыдырыс Исаковдун чалмакейлери

22-апрель, 04:46
671 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар кимдин буюртмасы менен берүүлөрдү даярдап, Ютуб каналына чыгарып жүргөн Ыдырыс Исаков деген эргул бар. Бул ирет ал Улуттук илимдер академиясын каралаган материалын чыгарды. Бул эргул жок дегенде илим, илимдер академиясы деген эмне экенин билип алып, анан берүүсүн даярдаса болмок. Болбосо, ОшМУдан алган тайыз билими, чаласабат деңгээли менен даярдаган көрсөтүүсүндө академиянын ремонттолбогон жерлерин шимшилеп тартып, мекеме, окумуштуулар жөнүндө жүйөлүү эч нерсе айта албай, “ошол, булардын айлыктары 6 миң, 10 миң, 20 миң. Ушундай айлык менен анан илимге акылы жеткен мындай адам 20 миң сомго Бишкекте отуруп, ушул жерде иштейби? Иштебейт да. А бул жерде анан элдин “эми 20 миң сомго макул боло берет” деген айласы кеткен, өмүрүндө китеп бетин ачып карабаган, жанагы эми эптемейлер келип иштешет. Анан ошолор илим ачабы бизге?” деп жыйынтык чыгарган. Ыдырыс Исаков бул орой, осол сөздөрү менен бүтүндөй окмуштуулар коомчулугун шылдыңдап, “эптемейлер”, “чалдар” деп мазактап жатат. Ал мазактап жаткан чалдардын арасында Ыдырыска окшогондордун мээсине операция жасап, киши кылып жүргөн академик Миталип Мамытов, аты дүйнөгө белгилүү Тургунбай Садыков, кыргыздын тарыхын жазып берген В.М.Плоских сыяктуу элибиздин сыймыктары бар. Ыдырыс аңды-дөңдү карабай урдура бергенди коюп, анча-мынча билимин тереңдетип, анан илимпоздор жөнүндө айтса болот. 

Илимдер академиясынын окумуштуулары өткөн жылы 1124 илимий эмгек жарыялап, 104 монография чыгарган. Анын ичинен 569 илимий макала Skopus, Veb of Science, РИНЦ индексиндеги эл аралык мартабалуу журналдарда чет өлкөлөрдө жарык көргөн. Бул Кыргызстандын баардык илимпоздору чет өлкөдө чыгарган эмгектердин дээрлик 50 пайызын түзөт дегендик. “Чөптү кордосо көзгө зыян” демекчи, Ыдырыс чаласабат, кеп маданиятынан түшүнүгү жок экенин көрсөтүп, “чалдар”, “эптемейлер” деп шалпып сүйлөп, мазактап, бой көтөргөндүн ордуна ошол аз акча менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын илимин алыскы-жакынкы өлкөлөргө таанытып жаткан карапайым окумуштууларга таазим кылганы жөн.  

 Кыскасы, Ыдырыс Исаков буйрук аткарууга, жашылбайлардын аркасынан кубалай берүүгө кызыкпай, деңгээлин өстүрүп алса не?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер