Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Итмурундун ден соолукка кандай пайдасы бар?

Итмурундун ден соолукка кандай пайдасы бар?

14-март, 16:58
1 419 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курамы: итмурундун курамынан 14-60 грамм суу, 1,6-4 грамм белок, калий, кальций, магний баш болгон минералдык заттарды, В1, В2, РР, К, Е жана С витаминдерин кезиктирүүгө болот. Аталган жемиштин курамындагы С витамини карагаттыкынан 5-10, лимондон 40 эсе көбүрөөк.

Мөмөсү: итмурун кан айлануу системасын тазалап, зат алмашууну жакшыртат. Анын мөмөсү аз кандуулукта, боор жана бөйрөк ооруларында дары катары сунушталып келет. Ал сийдик чыгаруучу, дене табын түшүрүүчү, баш ооруну жазуучу жана табитти ачуучу касиетке ээ болгондуктан, медицинада да кеңири колдонулат.

2 аш кашык кургатылган итмурундун мөмөсүн майдалап, ага 2 стакан кайнак сууну куюп 6-8 саат тыныктырып коёсуз. Тыныккан соң сузуп алып балдарга 1 стаканды төрткө бөлүп берүү керек. Ал эми чоңдор 1 стакандан ичсе болот. Бул маңызды бир күндө 3 маал ичүү дене табын түшүрүүдө, бөйрөктө ташы барларга жана боор ооруларында сунушталат. 

Тамыры: бул өсүмдүктүн тамыры кандагы холестеринди азайтууда жакшы каражат болгондуктан, ал кан басымы жогору болгондорго, аз кандуулук менен ооругандарга жана денесинин бир ыптасы кыймылдабай калгандарга сунушталат.

1 аш кашык ит мурундун тамырына 2 стакан кайнак суу куюп, жай отко 15 мүнөт кайнатасыз. Ал кайнап чыккан соң бир аз тыныктырып, андан соң марлиден өткөрүп, жылуу кезинде бир күндө 1 стакандан бир жума ичесиз.

Уругу: итмурундун уругунан майлуу кислоталар менен витаминдерге толгон майды бөлүп алат. Ал май жараатты айыктырууда жана суук тийгенде колдонулат. Мындан тышкары, бала эмизип жаткан энелердин эмчегинин учу кесилип кеткенде жакшы натыйжа берет. Ал үчүн 1 чай кашыктан күнүгө эки маал ичип туруу керек. Эгер иче албасаңыз, анда кесилген жерге сүйкөп жүрүңүз.

Итмурун кимдерге сунушталбайт? Кант диабети барларга, жүрөгү ооругандарга, ашказанында жарасы барларга, гастрит менен ооругандарга итмурунду колдонууга болбойт. 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер