Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстандыктар Кытайга болгон карызды төлөө үчүн каражат чогулта башташат

Кыргызстандыктар Кытайга болгон карызды төлөө үчүн каражат чогулта башташат

27-февраль, 12:16
1 016 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

    Кыргызстандыктар Кытайдан алынган насыяларды жабуу үчүн каражат чогултушмакчы. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына окурман Сапарбек Алымкулов айтып берген.

“Биздин өлкөнүн карыздары көп. Биринчи кезекте Кытайдын алдындагы карыз турат, ал коомдогу абалга терс таасирин тийгизүүдө. Бул жагдай биздин эл менен Кытай жарандарынын ортосундагы араздашууга чейин алып барып жатканы сыр эмес. Мына ушундай көйгөйлөрдү чечүү үчүн биз мамлекетке жардам беришибиз керек. Эгерде ар бир жаран аздан болсо да акча чыгарса, насыялар эртерээк төлөнмөк. Мен бул оюмду социалдык тармактарда жазып, аз да болсо мага кошулган адамдарды таптым. Биргеликте биз кайдыгер эмес мекендештерибизди тарта алабыз” деп белгилеген. Алымкулов акча каражаты кандайча жана кайда чогулары азырынча чечиле электигин, бирок, бир нече вариант бар экенин дагы так маалымдаган


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер