Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сейтек Качкынбай, КЛДПнын өкүлү: “Кимдир бирөөлөрдүн “кара”, жасалма жолдор менен жеңели деген пландары бар”

Сейтек Качкынбай, КЛДПнын өкүлү: “Кимдир бирөөлөрдүн “кара”, жасалма жолдор менен жеңели деген пландары бар”

22-февраль, 12:02
433 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Шайлоочулардын кескин көбөйгөнүнө айрыкча сиздердин партия каршылыгын билдирип чыкты...

-- Биринчи жагынан, адамдардын катталуу укугу бар. Бул өздөрүнүн иши.   Бирок, шайлоонун алдында кескин көбөйүп, массалык түрдө катталуу күч алганы туура иш эмес. Биз “шайлоого жарым жыл калганда катталуу токтотулсун” деген сунушту киргизип жатабыз. 

Булар туруктуу жашоо принцибин бузуп жатат. Айылдыктар келип шайлоого катышып, шаардын тагдырын чечип койгонго тете болуп жатат. Эмне үчүн “эрте” деп жатабыз?  Шайлоого даярдыктар ушундан башталат экен да. Кимдир бирөөлөр тарабынан “кара” жолдор, жасалма жолдор менен жеңели” деген ойлор, пландар болуп жатат.

-- Буга кайсы бир партиялардын тийешеси барбыКандай божомолдоп жатасыздар?

-- Болсо керек деген божомолдор бар. Бирок атоого эрте.

-- Кандай чара көрсө болот?

-- Бир үйгө 1300 тургун катталып жатат. “Шайлоодогу добушту сатып алуу аракети” деп кылмыш ишин козгосо болот. Мамлекеттик каттоо кызматына “кайсы үйгө канча адам катталганынын толук тизмесин  бергиле” деп кат жөнөттүк. Бир ай аралыгында канча адам катталганын элге ачык алып чыгуу керек. 

-- Шайлоо комиссиясы мындай көрүнүшкө кандай карап жатат?

-- Шайлоо комиссиясынын бул жерде укугу чоң. Прокуратурага, мамлекеттик каттоо кызматына кат жөнөтүп, баарын аныктап чыга турган негизи булардын жумушу. Алар кылбаган үчүн биз кылып жатабыз. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова гана болгон жаңылыктарды өз баракчасына чыгарып, активдүү иш алып барууда.


Жамиля Нурманбетова

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер