“Бүгүнкү күндө ишкерлерге тоскоолдуктар өтө көп, мамлекеттин сервиси жакшы эмес”
-- Чет жактардан алган грант, насыялар бюджеттеги жыртык-тешигибизди бүтөй алабы? Канткенде экономикалык жактан кубаттуу өлкөгө айлана алабыз?
Мавлян Аскарбеков, саясат талдоочу:
-- Чет өлкөдөн насыя алуу, грант алуу – бул дүйнөлүк практика. Баардык өнүккөн өлкөлөрдө алып келишет. Болгону алган насыяны натыйжалуу колдонуп, кайтарууга кезек келгенде убагында берүү шарт. Башкача айтканда, чет өлкөдөн алынган насыялар улуттук коопсуздукка шек келтирбеши керек. Алынган акчалар убагында кайтара турган долбоорлорго берилип, ишке ашырылышы зарыл. Бул өтө маанилүү нерсе. Себеби, буга чейин кыргыз мамлекети Акаев, Бакиев, Атамбаевдин убагында миллиарддаган каражаттарды алып келген. Көптөгөн насыялар ортодон желип кеткен. Ошол эле кеңешчилерге, долбоорду иштеп чыккандарга берилген. Ал жактан эгер мамлекеттик комиссия түзүлүп, ревизия кыла турган болсок, миллиарддаган долларлар максатсыз кеткенин аныктап чыгып, жоопкерчиликтүү адамдарды жоопко тартууга мыйзамдуу негиз жаралмак.
Ал эми “канткенде экономикалык жактан кубаттуу өлкөгө айлана алабыз?” деген сурооңузга айтарым, өнүгүүнүн негизги принциптери болушу шарт. Бул – сөз эркиндиги, демократиялык принциптер, эркин шайлоо. Парламентаризм сөзсүз түптөлүшү керек. Мына ошндо өнүгүүгө багыт ала турган шарттар түзүлөт. Борбор Азия ушул жолдо бара жаттык эле, азыр, тилекке каршы, парламентаризмден да, сөз эркиндигинен да баш тартып жатабыз. Өнүгүү үчүн советтик түшүнүктөгү саясат эмес, реалдуу экономикалык реформалар керек. Буга Грузиянын мисалын айтсак болот. Бул жакта реалдуу реформалар ишке ашканын жана мамлекет өнүгүүгө багыт алганын көрүп жатабыз. Бизге Казакстан, Өзбекстан, жадагалса Түркия дагы мисал эмес. Кыргызстанга өнүккөн Батыш Америка, Европа өлкөлөрү, Япония, Түштүк Корея, эң жакын деген Грузиядагы реформалар жана алардын тажрыйбасы мисал болушу керек да.
Арслан Кененбаев, финансылык талдоочу:
-- Ооба, мен билгенден азыр бюджеттин кирешелери тынымсыз өсүп жатат, жадагалса Кыргызстан биринчи жолу бюджеттин профицитине ээ болду. Ошондуктан азыр Кыргызстан эл аралык жардамды жана карыздарды албайт. Бюджетти жабуу жана жалпысынан алганда, өндүрүштүк чыгымдар үчүн насыяларды жана эл аралык каржылоону алса болот. Мисалы, электр тармагына акча алышкан, өлкө үчүн бул абдан пайдалуу. Кытайдан Европага темир жол үчүн дагы алганыбызды айтсак болот. Бул жол экономикалык секирик, Кытайга чыгуу, Европага, чоң агымга, эл аралык базарларга, ал жактагы Чыгыш базарларга, Иранга ж.б. Мындай кредиттер абдан пайдалуу. Эгерде биз аны айлык акыга жана башка учурдагы чыгымдарга жумшасак, анда, албетте, натыйжасыз.
Мамлекет кредит алып, кээ бир тоо лыжа базаларына жол салып, натыйжада, ал жерде көптөгөн туристтик эс алуучу жайлар, лыжа базалар, мейманканалар курулса, алар иштеп башташат, инвестиция салык алып келет, төлөшөт, а бул жол экономикага чоң салым кошот. Башкача айтканда, эгерде биз ушундай багыт менен иштесек, анда кредиттер Кыргызстанды тез арада экономикалык жактан өнүккөн өлкөгө айландырууга жардам бере алат. Мунун баары биз кредиттик каражаттарды канчалык эффективдүү жумшаганыбыздан көз каранды.
Руслан Акматбек, саясат талдоочу:
-- Бир өлкөгө акча каражат эки жол менен келет. Же сиз белгилегендей грант, каржылоо же болбосо инвестиция аркылуу агылат. Негизи карыздан коркпошубуз керек. “Тышкы карызды эксплуатациялоо” деген термин бар. Убагында төлөп турсак маселе эмес. Карыз ички дүң продукциянын 60%ынан ашпаганы оң. Ошол аябай маанилүү. Биз карыз алгыбыз келбесе, инвестицияларды көбөйтүүбүз зарыл. Инвестицияны көбөйтүү – бул туура мыйзамдарды орнотуу жана ишкерлерге эрежелерди так, анык кылып коюп берүү. Мыйзамсыз улутташтыруу, тартып алуу, ишкерлерди камап салуу (!) деген нерселер болбош керек.
Качан гана биздин ишкерлердин саны көбөйгөндө экономикасы күчтүү мамлекет пайда болот. Экономика деген бул ишкерлердин топтому. Айрым облустарда ишкерлер абдан аз. Бул чоң көйгөй. Негизи өнүгүүнү, технологияны, жаңылыктын баарын ишкер алып келет. Мамлекет бир гана багыт көрсөтөт. Мыйзамдуулукту камсыз кылат, укуктун сакталуусуна кепилдик берет. Ишкерлердин алдындагы тоскоолдуктарды жоёт. Бүгүнкү күндө ишкерлерге болгон тоскоолдуктар өтө көп. Бизде бири-бирине карама-каршы эрежелер абдан арбын. Мунун баары мамлекеттин сервисинин жакшы эместигине алып келет.
"Азия Ньюс" гезити