Кайрат Итибаев: “Эки президентке Германия, Чехиядан алган тажрыйбам боюнча сунуш жөнөткөм”
Экономика жана каржы министрлиги жумушчу топ “Салык кодексинин жаңы редакциясынын” акыркы долбоорун президенттик администрациянын кароосуна бергенин маалымдады. Бул боюнча эксперт Кайрат Итибаевге суроо узаттык.
-- Жаңы даярдалып жаткан Салык кодекси тууралуу оюң кандай? Аны өзгөртүүгө эмне муктаждык жаралды?
-- Жаңы кодексти кабыл алуунун себеби, бюджеттин тартыштыгы жана бийлик “жаңылык киргизели” деп алгы саясаттын алкагында жаздан баштап иш жүргүзө башташкан. Алты жумушчу топ бар. Мени экинчи жана алтынчы топко чакырышкан. Бул кыйыр сабактар КНС (НДС) жана преференциялар боюнча. Өзүмдүн жумушум боюнча ал иш топторго катышканым жок. Бирок бир эмес эки президентке тең (убагында Сооронбай Жээнбековго, Садыр Жапаровго дагы) салык системасы боюнча сунуштарымды жөнөткөм. Бул сунуштар мен тогуз жылдай Германияда, Чехияда жашап келген тажрыйбанын негизинде жазылган сунуштар болчу. Эң негизги сунуш – транзиттик экономикадан арылуу керек. Ошону жаңы кодекске киргизип, көңүлгө алышыптыр. Салык контакттарын жоготуп, патенттерди азайтышты. Мындан ары патенттер жок болот. Патенттер чыгармачылык же болбосо мындай илимий иштерге гана, убактылуу иштерге, системдүү эмес ишкерликке болот. Эң негизгиси, ишкерликтин үч эле формасы болушу шарт. Өздүк же жеке иштерди жүргүзүү керек. Биринчи – жеке ишкерлик (индивидуальный предприниматель), экинчи – жоопкерчилиги чектелген коом, үчүнчү – акционердик коомдор. Тилекке каршы, мен берген сунуштар камтылбай калыптыр, тагыраагы, сатуу-сатып алуу салыгын жойбоптур (1%дан 5%га чейин). Аны жоюш керек эле. КНСти (НДС) жалпы баары төлөгүдөй киргизүү зарыл болчу. Кошумча нарк салыгы болгону 12%. Анын 8%ын биринчи керектелүүчү азык-түлүктөргө киргизсе, калгандары 12%дан кем болбошу керек.
-- Мисалы, башка чет өлкөлөрдө кандай?
-- Германияда да ошондой. Ал жерде кошумча нарк салыгы 19%. Бирок биринчи керектелүүчү буюмдар чыгарылса (нан, сүт азыгы) 7% төлөнөт. Тилекке каршы, азыркы даярдалып жаткан Салык кодексине сын айттык. “Бул 30 миллион жеңилдетилген бирдиктүү режим” дейт. Жеңилдетилген режимди жок кылып эле салышса болмок. Бирок 30 млн. обороту бар болсо, жеңилдетилген бирдиктүү салык режиминде иштей берсе болорун айтып жатышат. Мен болсо аны салык системасына киргизбей эле, жалпы салык системасын кармамакмын. Бүт преференциялар боюнча эркин экономикалык аймакта гана берилмек. Менин сунушум ушундай эле. Жаңы ачылган компания болсо айланткан акчасы 5 милионго чейин каралса, биринчи эки жылга жеңилдетилген же бирдиктүү салык системасы болсо болот. Ал 3% жана 6%: 3% банктан өткөрүлсө, 6% банк аркылуу. Бирок эки жылдан кийин ошол компания бухгалтер алып айланткан акчасы 5 миллиондон ашса, жалпы салык ситемасына өтүп, кошумча нарк салыгын төлөп иштеши керек. КНС – бул салык чогултуунун чемпиону. КНСти, акцизди жакшылап койсок, бир триллион сомго бюджетти толтуруп, ички талап кылуучу нерседен салыкты чогултсак болот.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити