Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АКШнын желегин тебелеп кетишкен талибандардын кедергиси кыргыздарга тийеби?

АКШнын желегин тебелеп кетишкен талибандардын кедергиси кыргыздарга тийеби?

30-август, 12:53
1 839 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Афганистанды басып алган талибандар АКШнын желегин тебелешип, америкалыктардын чыгып кетүүсүнө уруксат беришти. Аларды өлтүрүп, кыйнап, камакка алышкан жок. 1979-жылдагы Иран революциясында 7 кулпу салынган зындандан америкалыктарды куткарып кетүү операциясы жүргүзүлүп, араңдан-зорго аман калышкан. Андан мурда Сайгондон куулуп чыгышканын эске алсак, булардын көчүккө тебилип, айдалып чыкпаган жерлери калбаптыр. Африка континентин болсо узун-туурасынан бери кыдырып чыгышкан. АКШнын алдамчы, бузуку саясатынан көп мамлекеттер жабыркап, согуш-кыргын, өлүм-житим көп болду. НАТО блогуна биригип алышкан капиталисттер өз алдынча өнүгүп жатышкан мамлекеттерди (Ирак, Ливия, Сирия, Афганистан ж.б.) улам бирөөсүн талкалап, өздөрүн жер планетасынын кожоюну катары сезип алышкан. Бирок ОДКБ жана ШОСко бириккен Россия менен Кытайдын тарапташтары зор күчкө айланып, капиталисттердин наадандыгы ачыкка чыкты. Жогоруда айтылгандай АКШнын желеги тепсендиде калып, өздөрү шүмшүк катары айдалып чыгышканын миллиарддаган адамдар көрүштү. АКШ эч кандай улуу держава эмес, жөн гана бузуку мамлекет экенине күбө болушту. Согуштарда коротулган миллиарддар менен триллиондор үчүн бирин-бири күнөөлөп жатышкан Джо Байден менен Дональд Трамп абысын-ажындардан ашып түшүштү. АКШнын айынан 30 жылдан бери согушуп келаткан моджахед-талибандар кимдин ким экенин ийне-жибине чейин изилдеп, так аныктаганды үйрөнүшүптүр. Мурда коммунисттик партия башында турган СССР мамлекти көп мамлекеттерге экономикалык жардамдарды берип турган. Советтер союзунун жардамы менен Ооган жергесинде көптөгөн объектилер курулуп, цивилизациянын алгачкы белгилери байкала баштаган. Бирок берилип жаткан жардамдарды көрө албаган капиталисттер моджахеддерди уюштуруп, СССРге каршылык көрсөтө баштаганда, жардамдар токтотулган. АКШнын бузуку саясаты ооган элине, өзгөчө талибандарга карама-каршы болгондуктан тынымсыз согуштар болуп турду. Бүгүнкү күндө АКШны айдап чыккан талибандар коммунисттик Кытай менен иш алып барышарын айтып чыгышты. Демек, геосаясатты так аныктаган талибандардын экономикасы биздегидей 30 жылдап эмес, балким 30 күндөп, 30 сааттап өнүгө баштайт. Сакалчан семиз адам башчысы көрүнөт, анын айтымында, ууру кылгандардын колу кесилип, ар кандай кылмыштар үчүн өлүм жазасы колдонулат экен. Темирдей бекем тартип орнотушкан талибандар тез аранын ичинде ички проблемаларды чечип, экономикасын өнүктүрө башташса, коммунисттик системанын мыктылыгын көрсөтө алышат. Илгерки СССР мамлекетиндеги дүркүрөгөн өнүгүүнү талибандар баштаса, аларга эч ким тоскоолдук жарата албайт.   

Талибандардын өз мекени, эли, жери үчүн күрөшкөн туруктуулугу, патриоттуулугу капиталисттердин жетегинде калышкан Украинага караганда 100 эсе жогору экени көрүнүп турат. Украинанын президенти болуп жүргөн “клоунга” караганда, автомат көтөрүп согушуп жүргөн талибандар геосаясатты төөлүк өйдө түшүнгөнү дүйнө жүзүн таңкалтырууда. Эгер тез аранын ичинде өнүгүп кетишип, ОДКБга же ШОСко мүчө болуп алышса, таңкалуунун кереги жок. Анткени Кытай өлкөсүн өнүктүрүп жаткан коммунисттик система өнүгүүнүн жолу экенин көптөрү унутуп калышса, талибандар так төбөсүнөн түшүп жатышпайбы! Анан алар өнүкпөгөндө ким өнүгөт? Кыргызстанда болсо 200-300 жеке менчик партияларга бөлүнүп, чачырап кеткенбиз. Баарынын максаты  бийлик, байлык, акчага жетүү. Аларга мамлекет керек эмес. Эгер арам акчаларың, уурдалган акчаларың көп болсо, барып кошулсаң болот, алдыңкы тизмеге жазылып, депутат болосуң. Коркунучтуу жагы – уурулардын колун кесип, өздөрүн ит аткандай атып таштаган талибандар бизге чейин жетип келишпесе болду. Талибандардан качып келишкен “Аль-Каида” менен ИГИЛдин мүчөлөрү биз жакка өтүп келишсе, жүздөгөн жеке менчик партияларды түзүп алышы мүмкүн. Бизде 200-300, же 400-500 партиялар болобу, айырмасы жок болуп калган. Тыюу салынган диний уюмдар “биз партиябыз” деп көбөйө беришсе, ким токтотот аларды? Геосаясаттагы чукул өзгөрүүлөрдү эске алып, Кыргызстанды светтик мамлекетке айлантуу – мезгилдин талабы. Террорист-экстремисттерге жол бербеш үчүн көп партиялуу системаны жоюп, Кытай өлкөсүндөй бир гана коммунисттик партияга биригүү керек. Диний жана провинциялык көз караш менен жүрө берсек, Кыргызстанды жок кылып алабыз. Кыргыз президенти Садыр Жапаров, айтылып жүргөндөй исламчы экенине карабастан марксизм-ленинизм институтун түзүүгө жардам бериши керек. Мамкатчы Чолпонбек Абыкеев менен коопсуздук кеңешинин орун басары Таалатбек Масадыковго тапшырма берсе жетиштүү. Эгер башкы идеолог Ч.Абыкеев президенттин жанына отуруп алып «Бриллиант жылан» китебин жазып отура берсе иш оңолбойт. Дегеле халтурщик жазуучулардын пайдасынан зыяны көп экени ачуу чындыкка айланды. Же саясатты түшүнбөй, же идеологияны түшүнбөй, анан жөн эле жүрө бергенде болбойт да. Минтип отурсак, жашоо үчүн күрөшүп жаткан талибандардан үлгү алабызбы? Алар түшүнүгү жеткен үчүн АКШга каршы чыгышыпкоммунисттик Кытай менен өнүгөрүн айтышууда. Бизде болсо, тескерисинче, АКШнын айтканын ашыгы менен аткарып, орнотуп беришкен коррупциялык жана мафиялык системасын 30 жылдан бери кынтыксыз аткарып келатабыз го? Коррупциялык иштерди жаап койгон «айкөл» кыргыздарды тарбиялаш үчүн коммунисттик система керек.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер