Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек шаардык кеңешин байлардын балдары “эрмектешет”

Бишкек шаардык кеңешин байлардын балдары “эрмектешет”

28-ноябрь, 20:57
887 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ошентип, Бишкек шаардык кеңешине байлардын балдары түптөгөн беш партия өтүп келди. Куванычбек Конгантиевдин “Жаңы күчү”, Аскар Салымбековдун “Эмгеги”, Кубанычбек Самаков менен Элдар Сулаймановдун “Адилети”, Марлен Маматалиевдин “Ынтымагы”, анан дагы “көмүскө көпөстөр” колдогон “Эл үмүтүбү”?.. 

Ал эми оппозициячыл “Социал-демократтар” партиясы жыга чабылып, лидери Темирлан Султанбеков камалды. Бут тосулбаса берегилерди караандатпай калтырат беле? “Болор иш болду, боёсу канды” дейт. Акыры эл таразалайт. Эми “эркеталдаңдар” Бишкек шаардык кеңешин калчашып, ата мурастарын улашабы? Бир эсе бул көрүнүш парламентке даярдык, сыноодон өтүү катары да сыпатталууда. Чындыгында карапайым эл үчүн ысык-суугу деле жок, өлбөгөн жанга жашоо өтө берет. Негизгиси көп нерсе көмүскөдө калып калчудай. Эгерде Бишкек шаардык кеңешине оппозициячыл, орточул партиялар өтүп келишкенде, дээрлик көйгөйлөр айтылып, талаш-тартыш жүрүп, демократиялык багытка бет алмакпыз. Азырынча шорубуз көп окшойт. Качан булардан кутулмайынчабы? 

А баса, мандатка жеткендердин катарында Айдар Суракматов, Алымбек Бактыбеков, Жаныбек Абиров ж.б. “жакшылар” бар. Аныгында шайлоочулар адаттагыдай эле активдүүлүгүн көрсөтүшкөн жок. Кайдыгерлик! Натыйжада, аз ишенимге эгедер депутаттардан көптү үмүттөнүү логикага деле сыйбайт го?..  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер