Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан Афганистан, Сирияга айланып, андан ары жок болуп кетиши мүмкүнбү?

Кыргызстан Афганистан, Сирияга айланып, андан ары жок болуп кетиши мүмкүнбү?

31-июль, 13:04
2 601 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кайсы бир саясый эксперттин айтымында, Кумтөр мафиясы боюнча камалгандарды куткарып кетүү үчүн 70 миң киши көтөрүлүп чыгышы мүмкүн экен. Бул жерде, орустар айткандай, “выдавать желаемое за действительное” болгон жокпу? Камакта жаткандар ар бири 2 миллион доллардан ыргытып, Акүй-Көкүйлөрдү талкалай баштаса, тышкы күчтөр карап турбасы белгилүү да. 70 миң кишинин ондон бир бөлүгү – 7 миң кишиси провокатор болуп чыгышы мүмкүн. Мындай учурда Кыргызстанга согуш ачкан тажиктер менен бириге калышкан талибандар бир нече сааттын ичинде жетип келишээри турган иш. Каршылашкан тараптар бири-бирине кол салып, “мясорубка” башталса, АКШ баш болгон тышкы күчтөр отко май куйгандын үстүндө болушат. Кыргыздар үчүн күч коротуунун кажети жок экени дагы бир жолу далилденет. Анткени тышкы күчтөрдүн “өзүн-өзү жок кылуу системасы” мындан 30 жыл мурда орнотулган. Кыргыздын душманы кыргыз экенин чет элдиктер да билип алышкан. Ошондуктан Кыргызстанды талкалаш үчүн ички душмандарды билгичтик менен пайдаланганды   үйрөнүшкөн. Ички жана тышкы душмандардын каалаганын ашыгы менен аткарып турган А.Акаев айдалып чыкканда кала берген системаны К.Бакиев куулуп чыкканда өзгөртүүгө туура келди. Айласы кеткен капиталисттер Р.Отунбаева менен Ө.Текебаев аркылуу шашылыш түрдө парламенттик башкаруу системасын орнотушкан. Кууланган капиталисттер “кыргыздар президентти бир күндүн ичинде айдап чыгышат экен, ошондуктан 120 депутат башкарышы керек” деп чечишкен. Бирок президент А.Атамбаев депутаттардын “өзүм билемдигине” жол берген жок. Калыстык иретинде кыскача айта кетсек, мурдагы президенттерге караганда А.Атамбаев Кыргызстанга жан тарткан патриот президент болду. АКШнын согуштук авиабазасын айдап чыгып, Кыргызстандын Россияга болгон тышкы карыздарын жойдура алды. Мурдагы президенттер убагында чоң колхозго айланган жепирейген Бишкек заманбап курулган кооз шаарга айланды.

       Анын 6 жыл ичиндеги мамлекетке, элге сиңирген эмгегин жокко чыгарган Сооронбай Жээнбековдун наадандыгы үчүнчү элдик революцияга алып келди. Ичинде арамдыгы жок ак көңүл А.Атамбаев ака-үкалардын бирөөсүн спикер кылса, экинчисин премьер-министр кылып, андан кийин президенттикке алып келди. Бирок деңгээли төмөн, түшүнүгү тар немелердин наадандыгы башынан ашып, А.Атамбаевди түрмөгө камашты. Мындай жакшылыкка жамандык менен жооп берген жапайычылыкка Россия президенти В.Путин баш болуп, кыргыз эли жерге түкүрүштү. Адилеттүүлүктү туу туткан кыргыз эли карамүртөз ака-үкалардын каралаганына карабай А.Атамбаевдин иши ак экенине толугу менен ишенишет. 30 жылдан бери келаткан коррупциялык иштерди анын мойнуна илип койгон коррупциялык жана мафиялык бийлик өздөрүнүн былык иштери менен революциялык кырдаал жаратып, бийликтен айдалып чыгышты. Бирок айдалып чыккан коррупциялык топ бийликке жутунган коррупционерлер менен бирдикте жаңы бийликтен өч алып, кайрадан бийликке келүүгө камынып жатышат. Кыргыз бийлигине жутунган коррупция-мафия менен Афганистанга чабуул койгон талибандардын айырмасы болбой калды. Кырдаалга көз салып тургандардын алдыңкы катарында үч чоң державалар турушса, тажик, талибандар сыяктуу майдалары араң эле турушат. 30 жыл мурда эл душманын ээрчип кеткен кыргыздар капканга түшүп беришти эле, бул жолкусунда бийликке жутунгандардын айынан экинчи жолу торго түшкөнү калышты. Коррупциялык өлкөгө айланган Кыргызстан Борбор Азиядагы чырбаш өлкөлөрдүн катарына кошулуп, жанындагы Россия менен Кытайды тажатып бүтүрүштү. Афганистан, Тажикстан, Кыргызстан зыянкечтерге айланышып, эми талибандардын көйгөйлөрү башталды. Динди бетине кармаган талибандар менен кыргыз коррупционерлеринин бир гана максаты – бийликке жетүү. Ташкентте өткөн чогулушта Россия-Кытай өкүлдөрү чукул чаралар көрүлөрүн айтышты. Эске алчу жагдай, Афганистан, Сириядагы окуялар бизде да кайталанса, илгерки мекенибиз Енисей – Алтай тарапка качабызбы? Россия менен Кытай чукул чараларды көрө турган болсо, талибандар менен түрмөдөгү коррупционерлер атылып жок болушу мүмкүн. Кытайлар коррупционерлерди тизип туруп, ит аткандай атып таштары белгилүү да. Ошондуктан коррупция менен мафияны эркелетип, аман-эсен түрмөгө отургузуп койгон президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазы болуп, казы-карта, чучуктарын жеп коюп, түрмөнүн төрүндө жата беришсе, өздөрүнө жакшы эмеспи. Бекер жатпай күнөөлөрдөн арылып, тазаланып, убагында окубай калган марксизм-ленинизмди окушса, наадандыктан алыс болушат. Негизи, мамлекетке кыянаттык кылгандар түрмөгө түшкөн күндө да жөн отурбагандыктан Кытай өлкөсүнүн мыйзамдарын колдонууга туура келет. Кытайда коррупцияны атып жок кылышса, Кыргызстанда мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук жок болуп, айбандан ашып түшүштү. Эми айбанга айланган көкмээлердин айынан Кыргызстан Афганистан, Сирияга айланып, андан ары жок болуп кетиши мүмкүнбү? Мыйзамга баш ийбеген карамүртөз караңгы наадандар түрмөгө камалышы керек.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер