Кылым афёрасына айланган Кумтөр мафиясы боюнча бир адам сот жообуна тартылабы?

Ушул эле суроо эл аралык сотто айтылса, жообу кандай болот? Же “кыргыз коррупционерлери эч качан бирин-бири сатпайт” дейбизби? Эл аралык сотко кайрылардан мурда келишимдерге кол койгондор баары жазага тартылышы керек. Адаттагыдай жүздөн бир бөлүгүн кусуп берип кутулуп кетишкен афёра кайталанса, кыргыз бийлиги биротоло ишенимден кетиши мүмкүн. Ошондуктан канадалык аферисттерди баш кылып, кыргыз коррупционерлерин бирин калтырбай соттоп, соттун чечимин эл аралык деңгээлде жарыялаш керек. Качып кеткен канадалыктарга тез аранын ичинде сырттан өкүм чыгарып, Интерпол аркылуу Кыргызстанга алып келүүнү талап кылуу парз. Канадалык жеке ишкер Канада өкмөтүн көтөрүп, Кыргызстанга көрсөтмө бердирип, эл аралык соттон баштап БУУга чейин кулактандырып сүттөн ак экенин айтып жүрсө, кыргыз тарап анын кылмышкер экенин жарыялаганга жарабай чурулдап отурушат. Ошентип 30 жылдан бери келаткан Кумтөр афёрасы ачыкка чыгып, кыргыз мамлекетинин чечими чыкты. Эл аралык сот каалаган чечимин чыгарып алып каалаган жагына бара беришсин, колдорунан пок келбейт. АКШ баш болгон капиталисттер эл аралык сотту айдактап алышып Белоруссия президенти А.Лукашенкого асылып жүрүшөт. Анысын Батька тоготуп да койгон жок. Көрсө, Белоруссияга тиш салгысы келген “карышкырлардын” тумшугуна Батьканын таягы таамай тийген экен, канжалаган бойдон кетишиптир. Капиталисттер өздөрү күнөөлүү экенин биз эле эмес, Африкадагы негрлер деле айтышат да.
Бизде болсо саясат – геосаясатты, экономиканы таптакыр түшүнбөгөн эл душманына ишенип, карышкырга кой кайтарткан катачылыгыбыз бар. Советтик системадан, Коммунисттик партиядан атасынын өчүн алган эл душманы “чөнтөк президент” А.Акаевди алып келип, андан кийин эл аралык деңгээлдеги аферист Б.Бирштейнди таап келген. Алардын жардамы менен премьер-министр Насирдин Исановдун көзүн тазалап, Кумтөр алтынын каалашынча майкандай баштаган. Кыргызстанга согуш ачкан Тажикстанда 1995-жылдары ачкачылык башталганда кыргыз элин ачка калтырып тажиктерге жан тарткан жайы бар. Анын кыргызга окшобогон баржайган кебетесине караганда, түпкү ата-теги тили буруулардан болсо керек. Мындай немени кыргыздар “бөрү баласы ит болбойт” деп коюшкан. Кыргызга боор бербей чоңойгон неме “чөнтөк президенти” А.Акаев аркылуу тажиктерди калкалап, алар менен каны-жаны бирге экенин көрсөткөн. Кумтөр мафиясын иликтеген мамлекеттик комиссия миномёттун окторун казып чыгышып, ар бир октун траекториясын изилдеген криминалисттер сыяктуу баарын ачыкка чыгарышты. Ал эми миномёттон ок жаадырган эл душманы көшөгөнүн артында калып, көрүнбөй, билинбей калгандыктан, аны көкөлөтүп төбөсүнө көтөрүп алышкан кыргыз эли Кудайдын каарына калышты. “Өсөр өзүн сыйлайт, өспөс жатын сыйлайт” болуп, өсүп-өнүкпөй, жарыбай калышты. Атасынын өчүн алган эл душманы мамлекетти – элди талкаласа, эл аны жерге-сууга тийгизбей мактап турса, Кудайга да жакпаса керек. Анткени табигаттын, жаратылыштын, адамзаттын мыйзамдарына туура келбеген нерсе кимге жагат?
Кудай жактырбаган душмандык кууланган шайтанга майдай жакты. Куу шайтандын душмандыгы элге кыйынчылыктардын түрлөрүн көрсөттү. “Чыдасаң чыда, чыдабасаң жок боло бер” деди. Миллиондоп тентиген кыргыздар Кыргызстандан кетип жок болушту. Жер, суу, тоо-таш, мөңгүсү менен талкаланып, миңдеген тонна алтыны уурдалып жок болду. Бечара кыргыз азгырылды, алданды, уу калдыктары, уу кошулган суулары менен калды. Айта берсе арманы көп кыргыз эли “өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман” деп эл душманына карата айтылганын түшүнөбү? 30 жыл мурдагы эл душмандары бүгүнкү күндө жүз эселеп көбөйдү. Баарынын максаты – бийликке жетүү.
Бирок президент Садыр Жапаров сыяктуу Кумтөр маселесин көтөрүп, же УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдей болуп чек ара маселесин чечүү бирөөсүнүн да колунан келбейт. Анткени баары тең покко жарабаган немелер. Жеткен мээси – бийликке эптеп жетип, ичип-жеп, жыргап, мурдагы эл душманындай болуп “бош челек баарынан каттуу даңгырайт” болуп атак-даңкка жетсе болду. Мамлекет, эл, Кумтөр, чек ара, тиги-пуларды урганы жок. Керек болсо баарын пулдап ийип, каалаган жагына кете бергенге даяр.
Кыргыз эли биримдиктүү болуп, тышкы жана ички душмандардан сак болушу абзел. Баары тең Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден үлгү алып, элин-жерин сүйгөн патриот болушу керек.
"Азия Ньюс" гезити