Министр кызыбызга наалаттан башка айта турган сөзүм жок!


Бир канча күндөн бери жүздөгөн тааныш-билиш, окуучуларым жана илимпоз кесиптештерим билим берүү саясаты боюнча мага кайрыла беришип, чыйралтып, ар-намысыма тийишип жатышат! Өз оюмду айтпасам болбой калды окшойт.
1. Билим берүү түйшүгү оюнчук эмес. Тилекке каршы, 35 жылдан бери бул тармак президенттердин жана алардын жакындарынын кычуусун кандырып, каалаган жакын кишилерин министрликке дайындап, эрмек кыла турган жайга айланып келди.
2. Окутуунун саясатын ар бир элдин негизги ыйык милдети катары кабыл алуунун ордуна, аны чет жактын эрмек жана тажрыйба катары колдонгон аянтчасына айлантып алган шүдүңгүттөрдүн күнү тууп, жалган, зыянкеч долбоорлорду таңуулап келиши улам-улам күчөп келүүдө!
3. 12 жылдык мектеп билимин мыйзамга киргизип алуунун өзү – авантюра! Кыргыз элинин кылымдар бою илегилеш катары жандап келген салтына туура келбеген жорук. Билим алуу менен тарбияны куштун эки канаты катары кабыл алып келген ыйык салтты жана милдетти өзүнөн түртө салган министр кызыбызга наалаттан башка айта турган сөзүм жок! Баланы инсан катары тарбия берүү ата-эненин милдети болсо, аны коомго аралаштыруу, көпчүлүктүн алдында ыйык милдети бар экендигин таңуулап үйрөткөн мектеп эмеспи! Дүйнөлүк эң сонун долбоор катары кабыл алынган лицей, гимназия, атайын адистештирилген мектептерди жоюп салуунун өзү кыргыз элине жасалган чыккынчылык экенин качан түшүнөт экен министрлик? Эмне күч келгенине түшүнбөй турам...
4. Билим берүүнүн эң эффективдүү жолу – бул мугалимдин статусу. Мугалим коомдун эң ыйык адамы катары кабылдануусу абзел! Мугалимге мамлекеттик кызматкердин статусун берүү керек! Анын айлык маянасы депутаттардын айлыгынан кеминде эки эсе жогору болуусу – бул мамлекеттин ыйык стратегиясы катары кабыл алынышы парз! Билим берүүнүн эки гана субъектиси бар. Бул мугалим менен окуучу, окутуучу менен студент, болду! Калган "чоңдор" ал экөөнү тейлеген гана кызматкерлер. Дүйнө жүзүнүн ийгиликтүү өлкөлөрү ушул схеманы ыйык сактагандары үчүн укмуш темп менен өнүгүп келишет.
Каныбек Осмоналиев, профессор
"Азия Ньюс" гезити











