Акылбек Жапаровдун тоо-кен тармагы боюнча иштерине токтолсок, бузукулук сыяктанат...

Тоо-кен тармагындагы биздин бирикме акыркы 30 жылга жакын убакыттан бери бул тармактагы көйгөйлөрдү көтөрүп, аларды чечүү жолдору тууралуу сунуштарын айтып келет. Бизде алды 60, арты 30-40 жылдык эмгек тажрыйбалары бар адистердин башы чогулганын гезитке берген маектеримде белгилеп айтып келем. Анткен менен биздин өтө олуттуу сунуштар, көйгөйлөрдү чечүүгө байланыштуу айтылган ойлорубуз көп учурда көз жаздымда калып кеткени капалантат. Мисалы, 2021-жылдын декабрь айында Акылбек Жапаров менен жолугушууда биз тоо-кен тармагына байланыштуу сегиз маанилүү көйгөйдү көтөрдүк. Алардын ичинде тоо-кен тармагынын стратегиялык өнүгүшү жана атайын программа же концепция кабыл алуу тууралуу сунуштар болду.
Учурда ар кандай уюмдар өздөрүнүн тоо-кен тармагына байланыштуу жеке билдирүүлөрүн айтып жатышат. Мисалы, кээ бир чет элдик өнөктөштөр Англиянын үлгүсүн мисал катары алып, биргелешип иш алып баруу тууралуу сунуштарды жасашат. Биз өзүбүздүн өнүгүү жолубузду тандап, өзүбүздүн концепциябызды тактап алышыбыз керек.
Ал эми дагы бир маанилүү маселе: мурун тоо-кен тармагынын энергетика тармагы менен бириктирилгенде жакшы жактарын көрө алган эмеспиз. Энергетика тармагы биринчи кезекте кышка даярдык маселелери менен иш алып баргандыктан, геология тармагы көз жаздымда калып кеткен. Азыркы мезгилде экология, табигый ресурстар, техникалык көзөмөл, климат тармактарынын бириктирилиши – геология тармагынын өнүгүшүн токтотуп, солгундатып жатат. Бул жагдай тоо-кен тармагынын көйгөйлөрүнө тийешелүү деңгээлде көңүл бөлүнбөгөндүгүнө алып келип, көптөгөн адистердин өз ишине болгон мотивациясын төмөндөттү. Ошого байланыштуу геология тармагы көмүскөдө калгандай сезилүүдө. Сиздердин гезит аркылуу көп кайрылып келгенимдей, көмүр, алтын өндүрүү, газ, нефть өндүрүү тармактары өз алдынча чакан мекеме болуп иш жүргүзгөнү менен биздин өлкөбүздүн масштабында бирдиктүү саясат жүргүзүүдөн артта калып жатканы белгилүү.
Тоо-кен тармагы боюнча лицензияларды берүү маселеси дагы актуалдуу. Мисалы, учурда 370тен ашык лицензиянын ичинен болгону 18и гана мамлекеттик “Кыргызкөмүр” ишканасына тийешелүү. Бул көрсөткүч болгону 5%ды түзөт. Мындай абал Кыргызстанда көмүр саясатын туура жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Андыктан, “бирдиктүү мекеме болсун” деп какшап келебиз. Мындай акыбал алтын тармагында да кездешет. Ал жакта дагы 400гө жакын лицензия берилген болсо, анын он бештей эле лицензиясы “Кыргызалтын” мекемесине берилген. Булар дагы алтын ж.б. түстүү металлдарга карата бирдиктүү саясат жүргүзсө түзүк болмок. Ушундай эле саясат “Кыргызнефтегазга” да тийешелүү. Ага 50дөн ашык лицензия берилген болсо, анын ондон ашык эле лицензиясы “Кыргызнефтегазга” берилген.
Андан сырткары, Баткен жергесинде жайгашкан айрым кендер дагы энергетика министрлигине тийешелүү. Ошону менен бирге кытайлык менчик компаниялар бар. Ошолорго байланыштуу “бизде миллиард тоннадан ашык ресурсубуз бар” деген маселе көтөрүлүп жаткан соң, “Кыргызнефегазга” да кошумча макамдарды берип, бирдиктүү саясатты жүргүзүүгө шарт түзүшүбүз керек. Ошол маселелерди чечсек, сөзсүз тоо-кен тармагынын өнүгүүсүнө жолдор ачылат. Ал эми ичүүчү, дарылануучу сууларга берилген лицензиялардын саны 600дөн ашык. Бул жагдай да бүгүн чечилбей турат.
“Бюджетке түшкөн каражаттын көлөмү боюнча биринчи орунда кайсы тармактар турат?” дегенде, эң биринчи орунда соода тармагы чыгат. Бул тармак бюджетке 70 миллиард сомго жакын акча түшүргөн. Ал эми кен казуу тармагы 23 миллиард сомго жакын пайда алып келген, б.а., экинчи орунду ээлейт. Айыл чарба, курулуш жана энергетика тармактары андан кийин онунчу саптардагы орунда келе жатат.
Дагы бир жагдай, мыйзам талаасында мыйзамдардын жана кодекстердин деңгээлин жогорулатуу зарыл. Мисалы, жер казынасы боюнча мыйзамдар, Суу кодекси жана башка кодекстер бар. Жер казынасы менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн биз көптөгөн сунуштарды айтып келебиз. Мисалы, 2000ден ашык лицензиялар кен тармагына берилген болсо, алардын иштөө шарттары жана аймактарды өнүктүрүү боюнча дагы көптөгөн иштер жасалышы керек. Жер-жерлерде өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок ошол мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу үчүн жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешүү шарт.
Бул маселелердин чечилбей келишине бийликте отурганда Акылбек Жапаров кош көңүл мамиле жасап койду деп айтсак болот. Анткени, биз менен 2021-жылы декабрь айында жолукканда “жакшы маселелер көтөрүлдү, силер менен квартал сайын жолугуп турам” деп айтканы менен, тилекке каршы, жолугушмак тургай жазган каттарыбызга да жооп ала алган жокпуз. Тескерисинче, ПУЛ (платеж за удержание лицензии) деген салыктын түрү киргизилип, кийин ал өзгөрүп, иштеп жаткан көптөгөн компанияларды оор акыбалга такап койду. Андан тышкары, компаниялардын жетекчилерине да кылмыш иштери козголуп, инвесторлорду да өлкөбүздөн кетирип жибердик.
Ошондой эле тоо-кен тармагындагы структуралык өзгөртүүлөр, лицензия берүү маселелери жана компаниялардын ишмердүүлүгү тууралуу да сөз болууда. Кошуна Казакстанда, Өзбекстанда бул тармакка чоң маани берилип, министрлик деңгээлинде башкаруу түзүмдөрү уюштурулуп жатат. Бизде болсо тескерисинче, бул тармактын мааниси төмөндөтүлүүдө. Ошондуктан, тоо-кен тармагын өнүктүрүү үчүн өзүнчө мамлекеттик агенттик түзүлүшү керек. Министрлер кабинетине баш ийген, бирок өз алдынча структура болсо дейбиз.
Андан тышкары, мурда иштеп келген илимий институттар орунсуз бириктирилип, орду начарлады. Алар кайра жанданып, анын негизинде илим-изилдөө борборлору түзүлүшү керек. Мурун геомеханика институту жана геология институту өз алдынча институт болуп келген болсо, бүгүнкү күндө институт геомеханиканы алып туруп институт машинаведениеге киргизип салды. Ал эми геология институтун сейсмология институтуна кошуп койду. Биз бул институттардын статустарын жогорулатып, бир борбор ачуунун ордуна, тескерисинче, төмөндөтүп койдук.
Учурунда Абдыганы Эркебаев илимдер академиясынын жетекчиси болуп турганда, биз сунуш киргизип, институт геомеханики и освоения недрди, институт геологияны, институт машиноведенияны кошуп, өзүнчө бир чоң илимий борбор ачып, тоо-кен тармагын өнүктүрө тургангандай демилгени көтөргөнбүз. Тилекке каршы, ал киши да кызматтан кетип, ойлорубуз жүзөгө ашпай калды. Акылбек Жапаровдун иштеп жаткан ишмердүүлүгүндө тоо-кен тармагындагы чечилбей жаткан маселелерге түз карабай, тескери иштерди жасаганы бизди капалантат. Акыркы чечими геология тармагындагы жер астындагы суулар менен илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келген мурунку мезгилде гидрогеологиялык экспедиция айыл жана суу чарба министрлигине кошулуп калды. Биз ал учурда туура эмес болуп жатканын айттык эле. Айыл чарба министрлиги жердин үстүндөгү агып жаткан суулар менен иштеп, көзөмөл жүргүзүшү керек. Ал эми жер алдындагы сууларды илимий көз караш менен корун, курамын аныктап, иш жүргүзө турган өзүнчө экспедиция болушу шарт.
Акылбек Жапаровдун тоо-кен тармагы боюнча жүргүзгөн иштерин айтсак бузукулук сыяктанат, бирок ушундай шартта иш жүргүзүлдү. Эми биздин сунушубуз бийликке жетет, чаралар көрүлөт (!) деген чоң ишеничтебиз.
Дүйшөнбек Камчыбеков, тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы
"Азия Ньюс" гезити