Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Буркановдун жүрөгү ооруса, жоопкерчиликтүү кызматты кантип аркалайт?

Буркановдун жүрөгү ооруса, жоопкерчиликтүү кызматты кантип аркалайт?

12-октябрь, 22:35
1 018 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош ОИИБ начальниги Нурланбек Бурканов жүрөгүнө операция жасатып, стент койдурганын маалымдашты. Ден соолугу жакшырып кетсин! Бирок бир маселени эске алалы. Жооптуу күч органындагы жетекчинин саламаттыгына маани берүү зарыл. Бул боюнча атайын адистерден турган комиссия карап, чечим чыгаруусу абзел. Ишке жараксыз болсо, ден соолугу чың кадрга ордун бошотуп берүүсү күн тартибине коюлушу керек. Жүрөк оорусун тамаша кылбайлы. Бир облустун коопсуздугун, кылмыштуулугун көзөмөлдөө оңой жоопкерчилик эмес. Дайыма эмоция, физикалык чыңалуу, стресс, бушаймандык басып турат. Жыйынтыгында, Нурланбек Бурканов чарчаса, жүрөгү көтөрө албай кетсечи? Кокус жан берсе, убалы кимге? Андыктан жогорку жетекчилик көңүл буруп, олуттуу чечим кабыл алуусу мыйзам ченемдүүлүк. Ириде кызмат кумарына караганда аман калуусун ойлош керек да...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер