Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сооронбай Жээнбековду мураскер кылуу сценарийинин автору Икрам Илмиянов деген куйту болчу

Сооронбай Жээнбековду мураскер кылуу сценарийинин автору Икрам Илмиянов деген куйту болчу

25-октябрь, 21:40
13 131 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алмазбек Атамбаевдин тушунда ити чөп жеп, ченебей көпкөн Икрамжан Илмиянов деген "серый кардинал" бар эле. Ачык да, көшөгө артында да көмүскө иштерди өзү билип чечип, азуусун айга жанып калган. Сооронбай Жээнбековду мураскер кылып калтыруунун сценарийи дагы дал ушул куйтунуку болчу. Кезинде Атамбаевдин этегине намаз окуп жүргөн неме, Шаршенович бийлигин өткөрүп бергенден көп өтпөй тескери айланып калган. Учурунда Атамбаевдин ишенимине кирип, далай былыкты кылган.

Өкүнүчтүүсү, Атамбаев камалып, Илмиянов суудан кургак чыкты. Жоопкерчилик тарта турган жерде эле, андай болбоду. Тескерисинче, топтогон байлыгына манчыркап, тайраңдаганы кала элек. Эдил Байсалов айтмакчы, кылы кыйшайган жок. Колунда токочу бар бала сүймөнчүк болуп, бүгүгүнкү күндө бетинен май тамып, сөөмөй менен сайса жарылчудай ынтыгып, мамлекеттик иш-чарадан калбай каада күтүп жүрөт. Кезинде анын арам оюн билбеген Алмазбек Шаршенович экономикалык жана социалдык реформаларды жүргүзүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жогорку жетишкендиктери үчүн деген негизде Икрам Ильмияновту II даражадагы “Манас” ордени менен сыйлаганда далайдын эси ооду эле. Кийин Илмияновду бөпөлөгөнү Атамбаевдин башына муш болду.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер