Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Италиялык күйөө баланын көз жашы...

Италиялык күйөө баланын көз жашы...

05-апрель, 19:30
3 786 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөдө канча миллиард эл болсо, алардын тагдырлары бири-бирине эч бир окшошпойт тура. Дегеним, адамдардын кебете-кешпирин, мүнөздөрүнүн окшоштугун көп эле жолу кездештирүүгө болот. Канчалаган кылымдардан берки адамдардын тагдырларын кара, дагы да канчалаган муундар келет, эр болсоң алардын өтмүшүн салыштырып, окшоштуруп жазып же айтып көр. Жазмыш чекеге чапса, айла жок «тагдырдын буйругу, маңдайга жазгандан эч кайда качып кутула албайсың» деп тим болобуз. Башка айла жок.

Мына эми дагы бир тагдыр... “Чынаранын сөөгү Италиядан келетат” дегенден бери күтүп атып, мына бүгүн 16-мартта саат 12лерде сөөк тарткан машина бозүйдүн алдына келип токтоор замат чогулуп турган эл дүрбөй түштүк. Көп жылдан бери “ана келет, мына келет” деп сагынып күтүп жүргөн туугандары, эже-сиңди, ага-инилери, деги койчу, баардыгыбыз ызы-чуу эле түшүп калдык. Ар кимисин кучактап «кайрат кыл, кайрат кылгыла» деп сооротуп жүргөн эле эл.

Сагынычтын ыйы, күйүт кошул-ташыл болуп, алардын ички буктарын токтото алчудай эмес. Ыйлар далайга созулду. Баары бир ый токтосо деле өзгөчө сиңдилеринин, инилеринин ички күйүттөрү басылбай, ичтеринен сызып, бөйрөктөрү бүлкүлдөй энтигип, токтоно алчудай түрлөрү жок. Анын да себеби бар. Чынаранын артында калган балдары жок өзү эле кете берди. Атаңдын көрү, “бири кем дүйнө” деген ушул тура. Тагдыр ай, сайсөөгүңдү гана сыздатат. Жашыбыз улгайып калган биз үчүн элүү эки жаш дегениң жапжаш экен, чиркин…

Сөөктү сууга алып жаткан учурда эки жакты карасам, чачы суюк, бою узун орус жигит элден оолак бөлүнүп бир тууганындай эле ыйлап жүрөт. “Бул кимиси болду экен?” деп таңгала карап турдум. Сураштыра келсем, күйөө бала ошол экен. Бир маалда кимиси экенин билбейм, ага калпак кийгизе коюшуптур. Калпак кимге гана жарашпайт. Калпак кийип жүрсө кайсы улут болбосун накта кыргыз боло түшөт эмеспи.

Жаназага тургула деп молдоке үн катканда, даараты барлар тизиле баштадык. Тиги күйөө бала бизди туурап ээрчип калды эле, бирөөсү «тур ары» деп койдубу, айтор, байкуш күйөө бала мустайып четке чыга бериптир. Түшүндүрүп айтканга жарабадык.

Сөөктү жайына коюп жатканда күйөө бала казанактын кырына чейин барып, көз жашын тыя албай карап турду. Сөөктү коюп бүткөндө кичинекей дөңчөнүн алдында көмүлүп жатып калган өмүрлүк жолдошу Чынараны кыйып кете албай, кылчак-кылчак карап өз тилинче аянычтуу үн чыгарып көз жашын төгүп жиберди. Мына ошондо мүрзөгө топурак салганы келгендер күйөө баланы көрүп, кабыргабыздын кайышканын айтпай эле коёлу. 

Элди узатып бүткөндөн кийин туугандары чогулуп тамакка кирип, күйөө баланы кошуп чогуу отурдук. Котормочу балдар аркылуу анын дилин билдик. Баарынан дагы тээ жердин түбүнөн алып келгени аз келгенсип, «эстелигин тургузганга мага уруксат бергиле», «силерди унутпайм» дегеничи… Атаңдын көрү! Англис тил билгенде “биз да сени түбөлүк унутпайбыз» дейт элем. Айла жок. 


Темирбек Мамбеталиев (Чынаранын жездеси)

16-март, 2023-жыл 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер