Ибрагим Жунусов: “Бир үй-бүлө гана күтүп, ошону менен өсүп-өндүм”


Белгилүү ырчы, обончу, бир канча мамлекеттик кызматтарда иштеген Ибрагим Жунусов менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
-- Ибрагим Кожоназарович, кайсы ырыңыз элге таанытып, ырчы катары кадырыңызды көтөрдү эле?
-- Мени “Эламан” деген ырым калың катмарга таанытканын баары айтышат. Ошол ырым чыкканда уулдарына Эламан деген ат коюшканын, ал ыр көп адамдарга жакканын угуп келем. Бирок, мен чыгармачылыктагы паспортум болгон 18 жашымда жазылган ата-энеме арналган “Апама кат” деген ырым тааныткан деген пикирдемин. Ал ыр элге “Алтын апа” деп сиңип кеткен.
Алтын апа, болбочу капа,
Уулуң үчүн, санаа тартпа.
Алтын апа, кат жазам сага,
Сен мен үчүн санаа тартпа,
Алтын апа...
-- Эл сыйлаган ырчы болуу канча жылдык мээнетти талап кылды?
-- Мындай сыймыкка жетүү үчүн 5 же 10 жыл керектелет деп кандайдыр бир мөөнөткө чектесем туура эмес болуп калат го. Чыгармачыл адам болгон соң ар бир күн мээнетти талап кылат. “Мен эл сыйлаган ырчы болдум, мээнетим кайтты” деп изденбей койгон да туура эмес. Керек болсо күнүгө өз алдыңча эмгектенесиң...
-- Сизди сыйлагандар аты-жөнүн айтпай эле акырын кафе-ресторандагы эсебиңизди жаап коёрун угуп келебиз. Мындай сыйга кантип жеттиңиз? Тоюнда ырдадыңызбы же алардын жүрөгүн ырыңыз же адамгерчилигиңиз менен багынттыңызбы?
-- Андай учурлар көп эле кездешет. Алардын жүрөгүн кантип багынтканымды өзүм да билбейм. Көпчүлүк учурда достор же үй-бүлөм менен отурганда, балким бир жерде тамактанып жатканда, эсепти мен билбеген эле адамдар жаап койгон учурлар болот. Анын себебин чындап билбейм. Чыгармачылыгымды урматташабы же кичине болсо да саясаттагы ордумбу баалашабы, мага да белгисиз. Көпчүлүгү “Каркыранын кетишине каршы чыкканыңыз үчүн сыйлайбыз” дешет. Кээ бирлери “ырларыңызды сүйүп угабыз, чыгармачылыгыңызды урматтайбыз” дешет. “Сиздин ырлар менен чоңойдук. Балалыгыбызды эстейбиз. Сиздин ырларыңызды тойдо минтип ырдадым” дегендер да бар. Айтор, ошон үчүн бул суроонун аныгын билбейм. Аныгында мени сыйлап, урматтаган адамдар жооп берсе жакшы болмок.
-- Ырчылар “мыкты ырлар бирөөнү сүйгөндө же ичип алганда чыгат” дешет. Чыгармачыл адамдарда жакшы ыр жазыш үчүн сулуу, жаш кыздарды сүйүү шартпы?
-- “Жакшы чыгарма сөзсүз эле кимдир бирөөнү сүйүп калганда жаралат” деген туура эмес. Чыгармачыл адам бирөөнүн көйгөйүн өзүнүн көйгөйүндөй көрүп, ийгилигине өзүнүн ийгилигиндей сүйүнгөндө жакшы чыгарма жаралат. Көпчүлүгү ойлошот, “ичип алганда жакшы ыр чыгат, кызыганда эргүү келет” дешип. Чынында ичип алганда жазылган ырлар өзүнө окшогон мас ырдай эле болуп калат. Негизи жакшы ыр жаратыш үчүн терең эргүү керек. Ал эми мындай илхам маанайың “беш” болуп турганыңда келет. Мисалы, мекен, бала, апа жөнүндө жазылган ырларга сөзсүз жакшы эргүү болушу шарт. Болбосо жүрөккө жеткен ыр чыкпай калат. Ырчылардын ыр жаратышына бирөөнүн биографиясы же тагдыры, тарыхы да себеп болуп калышы мүмкүн. Кээде уламыштар же алгы сөздөрдү угуу дагы жогорку деңгээлдеги чыгармалардын жаралышына себеп болуп калат...
-- Устатыңыз Рыспай Абдыкадыровдун жакшы жактарын өзүңүзгө сиңирдиңизби?
-- Рыспай агайым дайым бир нерсени айтчу эле: “Ибрагим, менин жакшы жактарым да, жаман жактарым да бар. Менин үлгүлүү сапаттарымды гана ал. Ошондо гана сен ырчы эле эмес, ийгиликтүү адам болосуң” деп. Мен агайдын жакшы жактарын көп алдым. Ошол себептен бир үй-бүлө гана күтүп, ошону менен өсүп-өндүм. Сахнадан да, мамлекеттик кызматтан дагы ийгиликке жеттим.
-- Сиздин да жаш кыздар менен дуэт ырдап чыккыңыз келеби? Айрым ырчылар “жаш кыз менен ырдабаганда, анан эмне картаң кыздар менен ырдайынбы?” деп кекетишет го...
-- Көпчүлүгү “дуэт ырдайлы” деп калышат. Жаңы жылга дагы “дуэт ырдагыла” деген сунуштар түшүп жатат. Бирок, дуэт ырдоо менин оюмда жок. Анүчүн ага ылайык ыр болушу керек да.
"Азия Ньюс" гезити











