Саякбай ата жөнүндө кантип айтпай коёбуз?
«Өз элиңдин улуу адамдарынан кимди билесиң?” деп менден сураса, Саякбай Каралаевди айтар элем»
(Чыңгыз Айтматов)
(Башы өткөн санда)
Саякбай жана Мухтар Ауэзов
Залкар манасчыны казактын улуу жазуучусу Мухтар Ауэзов да өзгөчө баалачу экен. Ал киши Кыргызстанга келгенде Саякбайга сөзсүз жолугуп, «Манасын» угуп, кумар-черин жазып кетчү дейт.
1956-жылы кыргыз адабиятынын Алматыда өткөн күндөрүндө университетте казак интеллигенциясы менен болгон жолугушууда Мухтар Ауэзов мындай дейт: «Осы улы адам шалкыган дастандарды жараткан даулердин соңы гой. Европалыктардын сөзү менен айтканда, «Последний из Могикан». Булай алп дастанчы Сакенден кийин дүйнөгө келмейди. Осы улы дэу адамды казак калкы, биздин казак интеллигенциясы жана жастары көрип калсын деп алдырып келип отырбыз. Сакемди жаксылап көрип калыңдар. Кэзир Сакем алдымыңызга шыгып, дастандын сөзинен айтып береди. Осыны тыңдап, Сакендин өнерин да, сөзин да, өзүн да эске тутуп калыңдар» деген. (Академик Азиз Салиевдин «Манас» жана Саякбай» деген эмгегинен).
Саякбай көркөм өнөр жаатында
Саякбайдын айкелин эң биринчилерден СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев жыгачтан жасаган. Андан соң кыргыздын белтилүү скульптор, сүрөтчүлөрү Белек Жумабаев, Тургунбай Садыков, Сүймөнкул Чокморов, Таалай Курмановдор өз чыгармаларында кайрылышып, алп манасчынын элесин түбөлүккө өлбөс-өчпөс кылып жаратышкан.
Акындар жүрөктүн түпкүрүнөн оргуп чыккан мыкты ырларын арнашты. Чыгаан жазуучулар окумуштуулар, изилдөөчүлөр көлөмдүү эмгектерди, макалаларды жазышып, гезит-журналдарга жарыялашты, Саякбай ата жөнүндө макалалар топтолуп, китеп болуп жарык көрдү.
Чыгаан алгыр бүркүтүн колуна кондуруп, бирде «Тайторуну чаптырып», ботодой боздотуп, бирде маңдайын жарылта кубантып, күпүлдөтө «Манасын» айттырып, кинофильмге тартышты. «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан 1965-жылы тартылган бул фильм «Манасчы» деп аталат. Фильм Оберхаузендеги кыска метраждуу даректүү фильмдердин бүткүл дүйнөлүк кинофестивалында (1965), Москвадагы Бүткүл дүйнөлүк кинофестивалда (1966) башбайгеге арзыган.
Ал эми белгилүү кинорежиссер Мелис Убукеев 1966-жылы «Кыргызфильм» үч бөлүмдөн турган даректүү эксперимент фильмди тарткан. Мында дагы алп манасчынын укмуштуудай зор талантын, аткаруучулук ыкмасынын өзгөчөлүгүн, эпостун мазмунуна жараша бирде көбүрүп-жабырып, бууракандап, алакандарын чапкылап, колу-баштарын ар кандай кыймылдатып, кээде буркурап ыйлап жиберип, болуп жаткан окуяга өзү аралашып жүргөндөй түр көрсөткөн анын кайталангыс артисттик аткаруучулук жөндөмүн таасын көрсөтөт.
«Манас» эпосу Саякбай Каралаевдин аткаруусунда да радиого жазылып алынат. Бирок, мурда андай тар чөйрөдө микрофонго айтып көрбөгөн манасчы далайга чейин табына келбей, айтылган «Манас» ойдогудай чыкпайт. Бир күнү Карамолдо, Молдобасан, Ыбырай, Осмонкул, Алымкул, Чалагыз, Токтонаалы, Ысмайыл, Мыскал, Райкан, Мидин ж.б. кыргыздын аттуу-баштуу мыктыларын чакырып келишип, ошолордун астында Саякбайга «Манасты» айттырышат. Бул маанилүү, өтө жооптуу иште өзгөчө эмгек сиңирген, тажабай нечен ай артынан калбай жүрүп залкар манасчынын өз оозунан жазып алып, кийинки муундарга баа жеткис байлык калтырган КР эл артисти Турсун Уралиев мындай дейт: «Нени токтото алалык... Айланайын, байлоодо турган тулпардай тимеле буулугуп калыптыр. Залга кирип, тигилердин алдына чыккандан кийин төктү бейм, нөшөрлөгөн жаандай. Дене бою балкып, мурдагыдай тоңдоосунбай, жаш жигиттей элпек кыймыл жасап, чырайына кызыл жүгүрүп нурданып, жүзү тамылжыйт. Өзү окуяга аралашып, бул жерде эместей. Таптаган кыраан бүркүттүн томогосун алып, асманга учуруп жибергендей өзүн эркин сезип, маңдайында отурган жоон топ залкарларды унутуп, бүткүл ой-санаасын, дитин «Манаска» берип салды. Осмонкул менен Алымкул Саякбайды тиктеген калыбында катып калышыптыр. Молдобасан жашык, сезимтал окшобойбу, Жакып хандын далайга баласыз жүрүп, зар айткан муңун, көргөн түшүн, айткан жерге келгенде көзүнүн жашын он талаа кылып, жаагы ылдый куюлуп жатыптыр. Манасчы өзү да, карап отурган эл да, көрүп турган мен да, баарыбыз ыйладык. Капырай, «Манасты» айтуу мындай турсун, аны чыдап угуу өзүнчө касиет бейм. Ошондо жаштыгым менен өйдө-төмөндү көрүп, жашоо-турмушту баамдап, ак-караны жакшылап ажырата элек менин башыма ушул ойлор келди.
Ал күнү шашкеде, саат 10:30да баштап айткан «Манасын» кечки бешимге чейин айтып, Саякбай ошондо гана «эми мен эс алайын» деген сөзгө келди. Балбаалап тердегендиктен, тери чыптамасынын сыртына чыга түшүптүр, белине курчалган кездеме куру улам-улам аарчына берип, сыгып алма суу болуптур. Ошентип, үч жылдан ашык убакыт бою, 1958-жылдын аягында баштап, 1961-жылдын кеч күзүндө 45 миң метр тасма толгон «Манасты» жазып (“Семетей”, “Сейтекти” кошуп) бүттүк. Сакем көп өтпөй «бүркүтүм шаңшып, тынчымды алды» деп Ысык-Көлгө шашылыш жүрүп кетти».
Саякбай ата мүмкүнчүлүгү боло калса эле Ысык-Көлгө көбүрөөк каттап, өмүрүнүн акыркы күндөрүн өзүнүн киндик каны тамган касиеттүү көлдө өткөргөн экен. Залкар манасчы 1971-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында каза болгон.
Көрүнүктүү музыка изилдөөчү Виктор Виноградов тарабынан Саякбай Каралаевден эпостун «Чоң Казат» циклинен фрагмент жазылып алынган. Ушул эле фрагментти 1940-жылы кайрадан кайталап жазып алган. Ал эми «Каныкейдин Тайторуну чапканын» пластинкага жазып алып, нотага түшүргөн. Эпостун манасчы тарабынан музыкалык аткарылышы жөнүндө жазган макаласында мындай деген: «Саякбай Каралаевдин «Манас эпосун аткаруудагы музыкалык байлыгы, артисттик чеберлиги – өзүнчө чалкып жаткан көркөм дүйнөнү элестетет».
Улуу инсандардын ал жөнүндө айткандары
Саякбай Каралаев эпосту бир нече айлап айтса да аягына чыга алган эмес. Натыйжада, анын табигат берген зор талантына, шык-жөндөмүнө, кайталангыс касиетине калыстык менен баа беришип, замандаштары, дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон окумуштуулар, улуу инсандар Саякбай Каралаевди «ХХ кылымдын Гомери» деп сыймыктануу менен аташкан.
КР Баатыры, заманыбыздын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов: «Өз элиңдин улуу адамдарынан кимди билесиң?” деп менден сураса, биринчи кылып Саякбай Каралаевди айтар элем» деп элибиздин бир залкар уулуна экинчиси татыктуу баасын берип, таамай сөзүн айтыптыр. Көрсө, «Асылды асыл гана баалайт» деген сөз тегин эмес тура.
Саякбай ата өз мезгилинде кыргыздын чыгаан, улуу адамдары, жазуучулары, акындары, артисттери, сүрөтчүлөрү жана искусствонун башка тармактарында иштеген адамдары менен жакшы санаалашта болуп, алар менен алака түзүп, көп учурда бирге дасторкондо чогуу отурушуп, даам үстүндө аларга улуусуна улуудай, кичүүсүнө кичүүдөй мамиле кылыптыр. Айрымдары менен өтө жакын мамиледе болуп, азилдеше тамашалашып, сыр чечише сүйлөшүп, кумардан чыгышчу экен. Кичүүлөрү тартынбай теңтуштай мамиле жасашып, атынан айтпай, «Сашка» деп эркелетишип сыйлашкандарычы? Аларга билгендеринен көптү үйрөтүп, өзү да пайдалуу көп нерсени угуптур.
Жазуучу Николай Удалов менен Саякбай көп жылы жакшы мамиледе жүрүшөт. Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүндө Саякбайдын берген концертин көрүп, анын ошондогу турпаты, аткаруучулук жөндөмү түбөлүккө эсинде сакталып калган. Манасчынын чакыруусу менен Ысык-Көлгө барып, бир нече курдай тайган агытып, бүркүт салышып, мергенчиликтин чоң кумарына батышат. Кийин манасчы досу жөнүндө адабий портрет жазып, «Ала-Тоо» журналына жарыялаган.
«Менин көп жылдык байкоомдо Саякбай түнт, кара мүртөз, кержейген адамдарды жаман көрчү. Андайларга алдыртадан мамиле жасачу. Ушакчы, керооз, дардаңпозго жолугуп, кокусунан кол алышып учурашып калса, ары бурулуп баса бергенде тигиге билгизбей колун шымына аарчып, “чырт” түкүрүп койчу. “Түнт адамдын койнунда котур ташы бар. Анын жүрөгүн кара ыш басып, боору ачуусунан шишип кеткен. Андай адамдарды билем. Мен айтпайын, сен аттарын укпа. Шайыр, ачык жүргөн адам жакшы. Ал адамдар булакта жаткан таштай таза, тунук да” дечү.
“Саякбай жакшы адам менен достошконду, башкаларга жардам бергенди, жаш балдарды артык көрчү. Бирөөнүн ийгилигине көз артпай, тескерисинче, кубанчу, жолуккан жерден куттуктап, колун кысчу» деп Николай Удалов манасчынын адамгерчилигине, инсандык касиетине калыс баасын берген.
КР эл артисти, акын, белгилүү манасчы Мамбеталиев Уркаш аба Саякбай атабыз жөнүндө мындай дейт: «Согуштан кийинки жылдарда манасчы Саякбай ата филармониянын артисттери менен биздин айылга барып калган эле. Залкар манасчынын сүрүнөн коркуп да, сүрдөп да жатып, акыры чымырканып, жаштыгым менен курчтугума таянып, Сагынбайдын мотивине салып, «Манасты» сыпатташын айтып берип, ал кишинин сыноосунан өткөн элем. «Баракелде, балам, буюрса сенден бирдеме чыкчудай. Кырк эрдин сүрү бар, бизге окшогон «көкжалдардын» алдында калтаарып, өзүңдү жоготпой, тайманбай «Манасыңды» айтуунун өзү эле Конурбайдай канкорду Алгаранын үстүнөн ыргыта сайгандай эле чоң эрдик эмеспи!» деп үй толтура отургандарды дуу күлдүрдү. Бир топ накыл кептерин айтты. Анан чарадагы эттен чай чыныга чеңгелдей салып, ооз тийген соң, «мендей манасчы болуп жүр, уулум» деп өз колу менен шыбагасын сунду. Кийин шаарга келип окуп, иштеп жүргөндө ал кишиге жолугуп жүрдүм. Менин баамыма караганда, ичи кенен, адамдарга жакшылык гана каалаган, ыктуу жерде жардамын аябаган, айкөл адам эле.
Бир күнү түш көрүп калдым. Азыркы Панфилов паркынын түндүк тарабында жайкы театр бар эле (азыр да керегеси турат). Ошонун залынан концерт көрүп, көпчүлүк эл менен чыгып келе жаткан экенбиз. Алдыраак жакта чоң жазуучулар, жетекчи кызматкерлер, кыскасы, залкар адамдар баратышкан, ортосунда Саякбай ата. Мен алардын артында ээрчип келаткан экенмин. Бир кезде Саякбай ата токтой калып, мага «Уркаш, калпагым менен таягымды отурган жерге унугуп калыптырмын, алып келе кал!» деди. Мен чуркаган бойдон залга кирип, калпак менен таякты таап, кайра тарттым. Калпакты кийип көргүм келди. Башыма кийсем, чак келип калды. Аңгыча болбой ойгонуп кеттим. Кудайга шүгүр, Саякбай атамын батасы тийдиби, бүгүнкү күнгө чейин «Манас» айтып келемин. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата «Семетейдин» биринчи бөлүмү өзүнчө он эки басма табак көлөмүндө жарык көрдү. Манасчылыктын аркасы менен «КР эл артисти» наамын алдым. Калайык-калктын алкоосуна татыдым. Мурдагы СССРдин карамагындагы республикаларды айтпаганда да, Япония, Кытай, Италия, Швеция, Пакистан, Ооганстан, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө болуп, бабалардан бизге калган баалуу мурасы «Манасты» бүткүл дүйнө калкына жайылтууга азбы-көппү өз салымымды коштум».
Саякбай чанда гана адамдардын колунан келе турган кесипти, мүнүшкөрлүктү, тайган агытып, бүркүт салганды жакшы көргөн экен. Айылда жашап жүргөндө кышкысын бүркүт салып, черин жазчу тура. Бүркүт жөнүндө кеп салганда, анын касиеттерин айтканда, бүт дүйнөсүн унутуп салып, чексиз берилип сүйлөп, сөзү түгөнчү эмес. Ал өзүнүн академик Азиз Салиев менен болгон бир маегинде: «Адамдын эң айкөлү, эң эр жүрөгү – Манас, жер үстүндөгү айбанаттын берени – арстан. Асмандын ээси – бүркүт» деп өтө таамай айтыптыр.
Анын таптаган бүркүттөрү өзгөчө кыраан чыгып, жейрен, текелерди алып, карышкырларды кан какшатып, асманга көтөрүп чыгып, анан таштын үстүнө таштап жиберчү. Мындай учурда бөрү эмес, башкасы болсо да жаны калабы? Ал бүркүттөрүнө «Көйрөңкара», «Боз жигит», «Күлдүбадам» деген аттарды коюп, аларга өзгөчө мамиле кылган, ар бирин он чакты жылдай колунан түшүргөн эмес. «Күлдүбадамды» он эки жыл кармаган. Өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин бүркүт таптап, «Карачолок» деген бүркүтү менен кинофильмге тартылып, түбөлүккө эстелик болуп калган.
Бүркүт салуунун эң бир шумдук кызыгына баткан Саякбайды жашоодогу бүткүл түйшүгүн унуттуруп, дайыма ат үстүндө кыймылда болуп, таза абада жүргөндүктөн ден соолугун чыңдап, кышкы суукта чыйралтып, кыргыздын кылымдардан бери ата-бабалардан келе жаткан бул татаал, түйшүктүү да, ары кызыктуу да кесиби улуу манасчыны эс алдырып, эргүү, дем берип, кайталангыс зор талантына талант кошуп, жанын жыргатса керек.
«Чет мамлекеттен келген меймандар Каралаевди угуп, көргөн соң ар качан ооздорунан түшүрбөй даңазалап кетишчү. Андайлардын канчасын өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен уккам. Кечээ эле жайында Алжир Республикасынан келип кеткен жазуучу, Алжирдин маданият министри Мурад Борбуну Каралаевдин «Манасты» аткаруусун көрүп, көзүнө жаш алып, аны мойнунан кучактап, бетинен өпкүлөптүр. “Жазуу, адабиятыбыз, китептерибиз болгон эмес” дейсиңер, мынакей силердин улуттук китепканаңар ушул абышка!» дегенин эскерет Чыңгыз Айтматов.
Каныкейдин Тайторуну чапканы
Чексиз талант даарыган бул адам Манастын өзгөчө духунан кубат алып, жазында кирип, тал-теректи түбү менен омкоруп, кыпкызыл болуп аккан Үргөнчтүн суусундай бууракандап, табына келген Тайторудай ээ-жаа бербей күпүлдөп, Каныкейдин чексиз кайгысын, айтып бүткүс муң-зарын айткан жерине келгенде айрым убакта өзү да жашып, шолоктоп ыйлап жиберчү эле, кайран киши. Саякбай атабыз чет элдерге барганда, чоң залдарда, киши көп топтолгон жыйындарда дайыма «Каныкейдин Тайторуну чапкан жерин» айтчу:
Дүрбү салып караса,
Келе жатат бууданы.
Кең-Мойноктун жолунда,
Башын жерге сала албай,
Аркардай алыш ала албай,
Келе жатат бууданың,
Үч жүз аттын соңунда.
Арбак урган Тайтору,
Эми кайдан жүгүрдү,
Чыңырып ыйлап Каныкей,
Чымындай жандан түңүлдү.
Мурдунун суусун тарта албай,
Көзүнүн жашын арта албай,
Кан аралаш аккан жаш,
Акборчуктун жалына,
Шорголоп турду төгүлүп.
Как эткенден карга жок,
Талаада өлмөк экенмин,
Буулугуп жүргөн жесир деп,
Жолуман кармап алат ээ,
Шордуу энесин тааныбай,
Чыркыратып өзүмдү,
Чукуп таштап көзүмдү,
Жол үстүнө сүйрөтүп,
Курмандыкка чалат ээ,
Даңгыттарга жарат ээ!
Талаада сөөгүм даңкайып,
Көмүүсүз болуп калат ээ.
Ботодой болгон көзүмдү,
Каркылдап жору оёт ээ.
Алмадай болгон эки эмчекке,
Карга-кузгун тоёт ээ.
Бүлкүлдөгөн бөйрөктү,
Түлкү какшаал оёт ээ.
Аппак болгон этимди,
Бурдап-бурдап сугунуп,
Бөрүлөр талап тоёт ээ.
Кечээ эле «каныша» аталып, бүтүндөй бир уюткулуу журтка эне болгон, мезгилинде Чубактай баатырды жыга сайып, далбастаткан Айкөл Манастын зайыбы эми минтип жалгыз баласынын чымындай жанын аман алып калсам (!) деп эли-журтунан ажырап, төркүнүнө корголоп, мусапыр болуп тентип жүрүп, Ала-Тоого аман-эсен кетебизби (?) деп уулуна төлгө кылып, Тайторуну чаап, анысы адегенде салпактап үч жүз аттын соңунда калып, баягы жандап жүргөн жүздөгөн жан-жөкөрдүн бири жок, ай-талаада жалгыз боздоп ыйлап, Актинтесин сууруп алып, өз уулумдун колунан өлгөнчө өзүмдү өзүм жарам (!) деп камданып калган «каралуу катын» Каныкейдин сүрөтү көз алдыга тартылат.
“Айланайын Айкөлүм, ай караңгы болгондо түн ушундай болобу? /Антташкандан айрылса, күн ушундай болобу? /Кабыландан айрылып, каңгырап катын тентисе, жөнү ушундай болобу? /Айланайын Султаным, канжыгаңа чала кет, кан какшатып боздотпой, кабыланым ала кет” деп зээнди кейитип, сай-сөөктү сыздатып, зар какшап ыйлап турган Каныкейдин сөзүн айтканда, уккан жан чыдап тура албай, канчалык мерез, боору таш болсо да көрүп отургандардан ыйлабай киши калчу эмес экен.
Мындай өзгөчө жөндөмдү, чексиз күчтүү кудуретти (талантты) дүйнөгө атагы чыккан, таланты таш жарган эч бир артисттен, эч бир улуттан (элден) кездештире, уга да элекпиз. Көрсө, Саякбай океан сымал «Манастын» айткан автору да, койгон режиссёру да, аткарган артисти да, кала берсе музыканты, сүрөтчүсү да, деги койчу, баары өзү тура.
Академик Болот Юнусалиев өзүнүн жазган эмгегинде залкар манасчы жөнүндө мындай дейт: «Сакемдин башка эч бир манасчыдан эпостун үч бөлүгү толук жазылып алынган эмес. Ошондуктан ал вариант уникалдуу, жападан жалгыз вариант. Муну Саякбай карыянын өз элине, бүткүл адамзатка калтырган баа жеткис чоң тартуусу катары билиш керек». (Юнусалиев Б.М. Улуу эпос, укмуштуу жомокчу. Тандалган эмгектер. – Фрунзе, 1985, 483-б.).
Саякбайдын китептери калкыбыздын сүймөнчүлүгүнө айланып, том-том болуп чыгып, китепканаларда, окуу жайларында, окурмандардын китеп текчелеринде баа жеткис мурас катары сакталып турат. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдындагы «Манас» скульптуралык-архитектуралык комплексиндеги Саякбай атанын монументалдык портрети залкар манасчылардын катарында өткөн-кеткен кишиге алыстан эле көрүнөт. Кыргыз эли эл, мамлекет болуп турса, нечен ондогон кылымдар өтсө да Манас өмүр сүрө бермекчи. Манасчы Саякбай да түбөлүк жашай берерине күмөн кылууга эч бир негиз жок.
"Азия Ньюс" гезити