Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адам өмүрүн узарткан азыктар... Билесизби?

Адам өмүрүн узарткан азыктар... Билесизби?

27-февраль, 14:44
2 738 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дарыгерлер куурулбаган жер жаңгак, грек жаңгагы жана ашкабактын уругу адамдын өмүрүн узарта турган касиетке ээ экендигин билдиришти. Бул тууралуу РИА Новости дарыгерлер Елена Малышева менен Андрей Продеустун айтканына таянып жазды.

Алар Биринчи каналдын эфиринен өсүмдүк белогуна бай азыктардын пайдасын кеп кылышкан.

Белок өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын белогу катары бөлүнөт.

Медиктердин айтымында, жаныбарлар белогун өсүмдүктүкүнө алмаштырганда онкологиялык оорулардан, кан басымынын жогорулашынан, инсульт жана инфаркттан каза болуу кооптуулугу азаят.

Малышева өсүмдүк белогунун суткалык нормасы 60 грамм жер жаңгагында, грек жаңгагы менен ашкабактын уругунда сакталарын айткан.

"Орточо эсеп менен 100 граммга алганда арахисте 25,8 грамм, ашкабак уругунда 24,5, грек жаңгагында 24,1 грамм белокту толуктайт", — деген Продеус.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер