Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Билл Гейтс: “Ойлонуу үчүн өзүңө бир жума убакыт бер!”

Билл Гейтс: “Ойлонуу үчүн өзүңө бир жума убакыт бер!”

22-сентябрь, 19:21
132 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Жылына эки жолу Билл Гейтс баарынан обочолонуп, өзүнө «Ойлонуу жумалыгын» уюштурган.

     Бир жума бою үй-бүлө, жумуш, телефон, күнүмдүк түйшүк жок.

     Жанында болгону китептер.

     Ал убакытты китеп окууга, жаңы идеяларды талдоого, өткөн иштерин талдоого жана алдыдагы долбоорлор тууралуу терең ойлонууга арнайт.

     Кызыгы, Microsoft компаниясынын айрым маанилүү идеялары дал ушундай тынчтыкта өткөрүлгөн жумаларда жаралган.

     Биз болсо көп учурда: «Ойлонгонго убактым жок» дейбиз.

     Бирок балким, бизге дагы кээде баарынан бир аз алыстап, өзүбүз менен өзүбүз калуу керектир.

     Телефонду бир четке коюп. Шашканды токтотуп. Китепти ачып. Анан өзүбүзгө бир гана суроо берели: «Мен азыр кайда бара жатам жана чындыгында кайда баргым келет?» деп.

     Кээде жашоону өзгөртүү үчүн дагы көп иштөө эмес, бир аз токтоп, туура багытты ойлонуу керек.


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер