Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тагдыр өзгөрүлөт: жаман күндөрдүн артынан эң катаал түндөр келет...

Тагдыр өзгөрүлөт: жаман күндөрдүн артынан эң катаал түндөр келет...

25-июль, 19:32
205 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тагдыр менен алдын ала макулдашууга мүмкүн эмес.

(Виктор Гюго)


Тагдырдан качам деген киши аны утурлап жөнөйт.

(Тит Ливий)


Эртеңки күнүң эмне болорун билсең да, тагдырыңан кача албайсың.

(Иосиф Флавий)


Тагдырды Кудай жазат, биз болгону ага реплика гана айта алабыз.

(Американын “Жакын достор” сериалынан)


Эч качан “мен мындай кылганда мындай болмок” деп айтпа. “Алла Таалам ушундай болушун каалады, ошондой болду” деп айт.

(Хадис)


Эгер сен өзүң кудукка секирип кетсең, тагдыр кайра алып чыгууга милдеттүү эмес.

(Т.Фуллер)


Биз бактысыздыкка кабылсак, тагдырды күнөөлөйбүз. А эгер ийгиликке жетишсек, “өзүм жетиштим” дейбиз.

(Ш.Режимансе)


Сөзсүз болчу нерсеге каршылык көрсөткөн пайдасыз. Муздак шамалга каршы жападан-жалгыз аргумент – бул жылуу пальто.

(Д.Лоуэлл)


Тагдыр өзүмдүн колумда, демек, ийгилик дайыма мени менен.

(Аксак Темир)


Тагдырдын белеги колун сунуп сурангандарга тийет.

(Кристина Кашкан)


Биз тагдырды жеңе албасак, тагдыр бизди жеңет.

(Кичи Сенека)


Биз тагдырды өзгөртө албайбыз, бирок өзүбүздү өзгөртсөк болот.

(Татьяна Егоровна Соловова)


Тагдыр бирөөнү жетелесе, бирөөнү сүйрөп жүрөт.

(Кичи Сенека)


Эгер биз ичибизде эмне болуп жатканын түшүнбөсөк, сыртынан бул тагдыр сыяктуу болуп көрүнөт.

(Карл Густав Юнг)


Тагдырга ишенүү өзүңө ишенбөөнү билдирет.

(Шарль Морис де Талейран-Перигор)


Тагдырдын күчү Ньютондун мыйзамына баш ийбейт.

(Принцалександр)


Эгер тагдыр кимдир бирөөнү бактылуу кылгысы келсе, ага жакшы досторду тартуулайт.

(Эрнст Тельман)


Варварларды жеңүү. Варварларды эксплаутациялоо. Варварлар менен союз түзүү. Варварлардын жеңиши. Империянын тагдыры ушундай.

(Гилберт Честертон)


Тагдыр эч качан жасакерленип, кошомат кылбайт.

(Губерначук, Сергей Григорьевич)


Көп кишилер боорукер падышаны издешет, бирок адамдын тагдыры Кудайдан.

(Сулайман падыша)


Мээбиз канчалык ийри болсо, тагдырыбыз да ошончолук ийри-муйру болот.

(Игорь Миронович Губерман)


Адам тагдырдын туткуну эмес, өзүнүн аң-сезиминин туткуну.

(Франклин Делано Рузвельт)


Өлкөнүн тагдыры анын армиясына байланыштуу.

(Антон Иванович Деникин)


Мен ою жеңил, ал эми тагдыры оор кишимин.

(Гарик Харламов)


Даанышман кишиге эч качан тагдыры тоскоол болбойт.

(Эпикур)


Мейли, тагдыр мени тебелеп-тепсесин. Мен болсо “өзү кылганына өзү уялар бекен, же уялбас бекен” деп аны карап турам. 

(Никколо Макиавелли)


Адамдын тагдыры көп учурда анын мүнөзүнө байланыштуу болот.

(Корнелий Непот)


Тагдыр өзгөрүлөт: жаман күндөрдүн артынан эң катаал түндөр келет...

(Лили Томлин)


Өлүм жашоону тагдырга айлантат.

(Андре Моруа)


Анатомия – бул тагдыр.

(Зигмунд Фрейд)


Тагдырдын бир жолу кабагын бүркөгөнү тонналаган француз косметикасын жараксыз кылып салышы мүмкүн.

(Коко Шанель)


Эгер тагдыр сени чекеге чапкан болсо, демек, ал сени көчүккө тепкенде тыянак чыгарган эмес экенсиң.

(Авессалом Подводный)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер